Коом

Жаңы Конституциянын долбоору (текст)

ДОЛБООР

Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

“Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө”

1-берене

Кыргыз Республикасынын Конституциясы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН  КОНСТИТУЦИЯСЫ

 Преамбула

Биз, Кыргыз Республикасынын эли;

өз келечегибизди өзүбүз аныктоо укугубузду туу тутуп;

укуктун үстөмдүүлүгүн, адилеттүүлүгүн жана тең укуктуулугун камсыздоо максатында;

чыныгы элдик бийликти орнотууну ниет кылып;

ата-бабабыздын нарк-салтын сактап, Айкөл Манастын осуяттарына таянып, биримдикте, тынчтыкта жана ынтымакта табият менен таттуу мамиледе жашоону улап;

Кыргыз Республикасынын элинин укуктарын жана кызыкчылыктарын бекемдеп;

мамлекеттүүлүгүбүздү сактоо жана чындоо үчүн майтарылбас эркибизди билдирип;

адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин  коргоого жана урматтоого умтулганыбызды ырастап;

жалпы адамзаттык принциптерди жана баалулуктарды тааныгандыгыбызды жарыялап;

социалдык адилеттикке, экономикалык бакубатчылыкка, билимге, илимге жана руханий өнүгүүгө умтулуп;

элибиздин эркиндиги үчүн курман болгон баатырларды эске сактап;

Мекен үчүн азыркы жана келечектеги муундардын алдында жоопкерчиликти түшүнүп ушул Конституцияны кабыл алабыз.

 

БИРИНЧИ БӨЛҮМ

КОНСТИТУЦИЯЛЫК ТҮЗҮЛҮШТҮН НЕГИЗДЕРИ

 I ГЛАВА. КОНСТИТУЦИЯЛЫК ТҮЗҮЛҮШТҮН САЯСИЙ НЕГИЗДЕРИ

1-берене

  1. Кыргыз Республикасы (Кыргызстан) –көз карандысыз, эгемен, демократиялык, унитардык, укуктук, светтик жана социалдык мамлекет.
  2. Кыргыз Республикасынын эгемендиги чектелбейт жана баардык аймагына жайылтылат.
  3. Кыргыз Республикасы ички жана тышкы саясатты өз алдынча жүргүзөт.
  4. Кыргыз Республикасынын эли эгемендиктин ээси жана мамлекеттик бийликтин бирден- бир булагы.
  5. Кыргызстандын элин баардык этностордон турган Кыргыз Республикасынын жарандары түзөт.
  6. Кыргыз Республикасынын элинин атынан Президент жана Жогорку Кеңеш гана чыгууга укуктуу.

 

2-берене

  1. Конституциялык түзүлүштүн негиздерин өз алдынча аныктоо Кыргыз Республикасынын элинин эгемен укугу.
  2. Кыргыз Республикасында эл бийлиги –бийликтин толугу менен элге таандыктыгы, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо, мамлекеттин жана коомдун иштерин башкарууга эркин жана реалдуу жетүү принциптерине негизделет.
  3. Кыргыз Республикасынын жарандары өзүнүн бийлигин түз шайлоолордо жана референдумдарда (бүткүл элдик добуш берүү), ошондой эле мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу Конституциянын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жүргүзөт.
  4. Шайлоолор жана референдумдар эркин, жалпыга бирдей, тең жана түз шайлоо укугунун негизинде жашыруун добуш берүү менен өткөрүлөт. Кыргыз Республикасынын 18 жашка толгон жарандары шайлоо укугуна ээ.
  5. Мыйзамдар жана мамлекеттик маанидеги башка маселелер референдумга коюлушу мүмкүн. Референдумду өткөрүүнүн тартиби конституциялык мыйзам менен белгиленет.
  6. Мыйзамда тыюу салынган каржы, административдик жана башка ресурстарды пайдалануу менен шайлоочулардын шайлоо эркиндигине таасир этүүгө тыюу салынат.

 

3-берене

  1. Кыргыз Республикасынын чек арасындагы аймагы бүтүн жана кол тийгис.

2.Мамлекеттик башкарууну жана жергиликтүү өз алдынча башкарууну уюштуруу максатында Кыргыз Республикасынын аймагы мыйзам аркылуу аныкталуучу административдик-аймактык бирдиктерге бөлүнөт.

 

4-берене

Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийлик төмөнкү принциптерге негизделет:

—    бүткүл эл тарабынан шайланган Президент жана Жогорку Кеңеш өкүл болгон жана камсыз кылган элдик бийликтин үстөмдүгү;

– мыйзам чыгаруу, аткаруу, сот бийлик бутактарына бөлүнүшү, алардын ырааттуу иштөөсү жана өз ара аракеттенүүсү;

– мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын, ачыктыгы, өз ыйгарым укуктарын элдин кызыкчылыгы үчүн гана жүзөгө ашыруусу;

– мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын  ыйгарым укуктарынын жана иш милдеттеринин ажыратылышы;

—    мамлекеттик жана муниципалдык кызмат адамдарга коррупцияга шарттарды түзгөн аракеттерге (аракетсиздиктерге) тыюу салуу;

—    мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын  эл алдындагы конституциялык укуктук жана башка жоопкерчилиги.

 

5-берене

  1. Мамлекет жана анын органдары коомдун кайсы бир бөлүгүнө эмес, бүткүл коомго кызмат кылат.
  2. Мамлекеттик бийликти күч колдонуп басып алууга жана мыйзамсыз кармап турууга, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын тартып алууга багытталган аракеттерге жол берилбейт.

Мамлекеттик бийликти узурпациялоо — өзгѳчѳ  оор кылмыш.

 

6-берене

  1. Ушул Конституция жогорку юридикалык күчкө ээ жана Кыргыз Республикасында түз колдонулат.
  2. Конституциянын негизинде конституциялык мыйзамдар, мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар кабыл алынат.
  3. Эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдери Кыргыз Республикасынын укук системасынын курамдык бөлүмү болуп саналат.

Эл аралык келишимдерди, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерин жана ченемдерин колдонуу тартиби жана шарттары мыйзам менен аныкталат.

  1. Мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды расмий жарыялоо алардын күчүнө кириши үчүн милдеттүү шарт болуп эсептелет.
  2. Жаңы милдеттерди же оордотуучу жоопкерчиликти белгилөөчү мыйзам же башка ченемдик укуктук акты өткөн мезгилге карата колдонулбайт.

 

7-берене

  1. Элдик курултай – коомдук өкүлчүлүктүү жыйын.

Элдик курултай коомдун өнүгүүсүнүн багыттары боюнча сунуш берген, кенешүүчү, байкоочу жыйын.

  1. Элдик курултайды уюштуруу жана анын ишмердигинин тартиби Конституция жана конституциялык мыйзам менен аныкталат.

 

8-берене

  1. Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын, эркиндиктерин жана кызыкчылыктарын ишке ашыруу жана коргоо үчүн саясий партиялар, кесиптик кошуундар жана башка коомдук бирикмелер түзүлүшү мүмкүн.
  2. Саясий партиялар коомдогу ар кандай социалдык катмарлардын жана топтордун ар түрдүү саясий эркин билдирүүгө салым кошот.
  3. Кыргыз Республикасында төмөнкүлөргө тыюу салынат:

1) мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерде, уюмдарда партиялык уюмдардын түзүлүшүнө жана иштешине; мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, кызматтык иштен тышкары жүзөгө ашырган учурларын кошпогондо, партиялык ишти аткарышына;

2) аскер кызматчыларынын, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана судьялардын саясий партияларга мүчө болушуна, алардын кайсы бир саясий партияларды колдоп чыгышына;

3) диний, этностук негизде саясий партияларды түзүүгө, диний бирикмелердин саясий максаттарды көздөшүнө;

4) жарандардын бирикмелери тарабынан аскерлешкен кошуундардын түзүлүшүнө;

5) иш-аракети конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө, улуттук коопсуздукту бүлдүрүүгө, социалдык, расалык, улуттар аралык жана диний касташууну тутандырууга багытталган максаттарды көздөгөн саясий партиялардын, коомдук жана диний бирикмелердин, алардын өкүлчүлүктөрүнүн жана филиалдарынын иштешине.

  1. Саясий партиялар, кесиптик кошуундар жана башка коомдук бирикмелер өзүнүн финансылык жана чарбалык ишмердигинин ачыктыгын камсыз кылат.

 

9-берене

  1. Кыргыз Республикасында эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү дин катары кабыл алынышы мүмкүн эмес.
  2. Дин жана баардык диний ырасымдар мамлекеттен ажыратылган.
  3. Диний бирикмелердин, дин жана ырасымдардын кызматчыларынын мамлекеттик бийлик органдарынын ишине кийлигишүүсүнө тыюу салынат.

 

10-берене

  1. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан маалыматты алуу, аларды жайылтуу жана сөз эркиндиги укугу кепилденет.
  2. Кыргыз Республикасында цензурага жол берилбейт. Жалпыга маалымдоо каражаттары эркин жана өз ишин мыйзамга ылайык жүргүзөт.
  3. Кыргыз Республикасында маалыматтык коопсуздук мамлекет тарабынан корголот.
  4. Өсүп келе жаткан муунду коргоо максатында Кыргыз Республикасынын элине таанылган адеп-ахлактык баалуулуктарына, аӊ-сезимине карама-каршы келген иш-аракеттер мыйзам менен чектелет.
  5. Маалыматты алууга жана жайылтууга чектөө коюлуучу иш-чаралардын жана чектөөлөрдүн тизмеси мыйзам тарабынан белгиленет.

 

11-берене

  1. Кыргыз Республикасы экспансиялык, агрессиялык жана согуштук максаттарды көздөбөйт.

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү өзүн-өзү коргоо жана жетиштүү коргоно алуу принциптерине ылайык түзүлөт.

  1. Кыргыз Республикасына жана биргелешип коргонуу милдеттенмелери менен байланышкан башка мамлекеттерге каршы жасалган агрессия учурларын кошпогондо, согуш жүргүзүү укугу таанылбайт. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн бөлүктөрүн Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жактарга жиберүүнүн ар бир учуру боюнча уруксат депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынат.
  2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн мамлекеттин ички саясий маселелерин чечүү үчүн пайдаланууга тыюу салынат.
  3. Кыргыз Республикасы башка мамлекеттер менен ынтымактуу жана адилеттүү жашоого, өз ара пайдалуу кызматташууга, глобалдык жана региондук көйгөйлөрдү тынчтык жол менен чечүүгө умтулат.

 

12-берене

Кыргыз Республикасында өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал жана согуш абалы Конституцияда жана мыйзамдарда каралган учурларда жана тартипте киргизилет.

 

13-берене

  1. Кыргыз тили — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили.

Мамлекеттик тилдин колдонулушунун тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

  1. Кыргыз Республикасында расмий тил катары орус тили колдонулат.
  2. Кыргыз Республикасынын элин түзгөн баардык этностордун өкүлдөрүнө эне тилин сактоо, окуп-үйрөнүү жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү укугуна кепилдик берилет.

 

14-берене

  1. Кыргыз Республикасы мамлекеттик символдорго – Тууга, Гербге, Гимнге ээ. Алардын сыпаттамасы жана расмий пайдалануу тартиби мыйзам менен белгиленет.
  2. Бишкек шаары — Кыргыз Республикасынын борбору.

Бишкек жана Ош шаарлары — республикалык маанидеги шаарлар. Республикалык маанидеги шаарлардын статусу мыйзам менен аныкталат.

3.Кыргыз Республикасынын улуттук акча бирдиги — сом.

 

II ГЛАВА

КОНСТИТУЦИЯЛЫК ТҮЗҮЛҮШТҮН СОЦИАЛДЫК-ЭКОНОМИКАЛЫК НЕГИЗДЕРИ

 

15-берене

  1. Кыргыз Республикасында менчиктин жеке, мамлекеттик, муниципалдык жана башка түрлөрү бирдей деңгээлде таанылат жана мыйзам менен корголот.
  2. Менчик кол тийгис. Эч ким өзүм билемдик менен мүлкүнөн ажыратылбайт. Мурастоо укугу кепилденет.

Менчик ээсинин эркинен тышкары мүлктү алып коюуга мыйзамда каралган тартипте соттун чечими менен гана жол берилет.

Мыйзамда аныкталган коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн мүлкүн алып коюу, ал мүлктүн наркынын жана мүлкүн алып коюунун натыйжасында келип чыккан баардык чыгымдардын ордун толтуруп берүүнү адилеттүү жана алдын-ала камсыз кылуу аркылуу соттун чечими боюнча жүргүзүлөт.

  1. Жарандардын жана юридикалык жактардын менчигинде турган мүлктү мамлекеттин менчигине өткөрүү (улутташтыруу) ал мүлктүн жана башка чыгымдардын наркынын ордун толтуруу мыйзамдын негизинде жүргүзүлөт.
  2. Кыргыз Республикасы өз жарандары менен юридикалык жактарынын менчигин, ошондой эле чет мамлекеттердин аймагында жайгашкан өзүнүн менчигин коргойт.
  3. Тарыхый-маданий мурас эстеликтери, архитектуралык, археологиялык объектилер жана табылгалар мамлекеттин менчиги, алар мыйзам менен өзгөчө коргоого алынат.

 

16-берене

  1. Жер, анын кен байлыктары, аба мейкиндиги, суулары, токойлору, жайыттары, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсү, башка жаратылыш байлыктары Кыргыз Республикасынын гана менчиги.
  2. Жер жана жаратылыш байлыктары Кыргыз Республикасынын элинин жашоосу менен иш аракеттеринин негизи катары бирдиктүү экологиялык системаны сактоо жана туруктуу өнүгүү максатында пайдаланылат жана мамлекеттин контролунда, өзгөчө коргоосунда турат.
  3. Жер, жайыттарды жана токойлорду кошпогондо, менчиктин жеке жана муниципалдык түрүндө болушу мүмкүн.

Жер чет өлкөлүк жарандардын жана чет өлкөлүктөр катышкан юридикалык жактардын жеке менчик укугунда болбойт.

  1. Жердин менчик ээлеринин укуктарын коргоонун кепилдиктери мыйзам менен аныкталат.

 

17-берене

  1. Кыргыз Республикасы ар кандай экономикалык ишмердүүлүктү өнүктүрүү үчүн шарт түзөт жана улуттук экономиканын кызыкчылыктарын коргойт.
  2. Кыргыз Республикасынын экономикалык жана социалдык өнүгүү багыттары улуттук программаларда чагылдырылат.
  3. Мамлекет инвестицияларды жана инвестициялык ишмердиктин субъекттерин мыйзамда аныкталган тартипте коргоого кепилдик берет.

 

18-берене

  1. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджети республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден турат, мамлекеттин кирешелерин жана чыгашаларын камтыйт.
  2. Кыргыз Республикасынын аймагында бирдиктүү салык системасы иштейт. Салыктарды белгилөө укугу Жогорку Кеңешке таандык. Жаңы салыктарды белгилөөчү жана салык төлөөчүлөрдүн абалын начарлатуучу мыйзамдар өткөн мезгилге карата колдонулбайт.

 

19-берене

  1. Мамлекет элдин бакубат жашоосуна жана аны социалдык коргоого кам көрөт.
  2. Кыргыз Республикасы элдин социалдык жактан муктаж катмарын колдоону, эмгекти жана саламаттыкты коргоону камсыз кылат.
  3. Кыргыз Республикасы социалдык кызматтардын, медициналык тейлөөнүн системасын өнүктүрөт, мамлекеттик пенсияларды, жөлөкпулдарды, социалдык коргоонун кепилдиктерин камсыз кылат.

 

20-берене

  1. Үй-бүлөө — коомдун негизи. Үй- бүлөө, ата болуу, эне болуу, балалык коомдун жана мамлекеттин коргоосунда турат.
  2. Атаны, энени урматтоо жана кам көрүү – балдардын ыйык милдети.
  3. Балдар — Кыргыз Республикасынын эң баалуу байлыгы. Мамлекет балдардын ар тараптуу, руханий, адеп-ахлактык, интеллектуалдык жана физикалык жактан өнүгүүсүнө өбөлгө болуучу шарттарды түзүп, аларды мекенчилдикке жана атуулдукка тарбиялайт.

 

III ГЛАВА

КООМДУН РУХАНИЙ-МАДАНИЙ НЕГИЗДЕРИ

21-берене

  1. Мамлекет адам укугу менен эркиндигин кемсинтпеген Кыргызстан элинин үрп-адаттарын жана нарк-салттарын сактап, маданияттын өнүгүүсүнө кам көрөт.
  2. Улууларды урматтоо, кичүүлөрдү ызааттоо – элдин ыйык салты.
  3. Мамлекет Кыргызстан элинин тарыхый, материалдык жана руханий мурастарын коргойт.
  4. Мамлекет этностор жана конфессиялар аралык ынтымакты камсыздайт.

 

22-берене

  1. Коомдун жана мамлекеттин өнүгүүсү илимий изилдөөлөргө, заманбап технологияларга жана инновацияларга таянат.
  2. Мамлекет менчигинин түрүнө карабастан билим берүү уюмдарында билим берүүнүн баардык түрлөрүн жана формаларын колдойт.

Мамлекет ар бир окуучуга, окутуунун сапатына жана педагогикалык кызматкердин статусун жогорулатууга кам көрөт.

Мамлекет мамлекеттик билим берүү уюмдарынын ишин каржылайт жана материалдык-техникалык жактан камсыз кылат.

3.Мамлекет илимди, илимий-чыгармачылыкты өнүктүрүүнү, илимий-технологиялык жетишкендиктерди, ачылыштарды, инновацияларды жана ойлоп табууларды колдоого алат.

Мамлекет билим берүү жана илимий мекемелер жана уюмдар аркылуу билимдин жана илимдин өнүгүү стратегиясын ишке ашырат, мамлекет тарабынан каржыланат жана колдоого алынат.

  1. Мамлекет илимий-техникалык прогресстин өбөлгөсү болгон илимий жана илимий — педагогикалык кадрларды аттестациялоону камсыз кылат.
  2. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы ырааттуулук жана илимий прогресстик принциптерге негизделип, фундаменталдык жана прикладтык илимий изилдөөлөр тармагындагы багыттарды координациялайт.

 

ЭКИНЧИ БӨЛҮМ.

АДАМДЫН ЖАНА ЖАРАНДЫН УКУКТАРЫ, ЭРКИНДИКТЕРИ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ

 I ГЛАВА. ЖАЛПЫ ПРИНЦИПТЕР

 23-берене

  1. Адам укуктары жана эркиндиктери ажыратылгыс жана, алар ар бир адамга төрөлгөндөн баштап таандык. Алар абсолюттук, ажыратылгыс жана кимдин гана болбосун кол салуусунан мыйзам жана сот аркылуу корголгон деп таанылат.

Адам укуктары жана эркиндиктери Кыргыз Республикасынын жогорку баалуулуктары болуп эсептелет. Алар түздөн-түз колдонулат, баардык мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ишмердүүлүктѳрүнүн мааниси менен мазмунун аныктайт.

  1. Адамдын, жарандын укуктары менен эркиндиктери улуттук коопсуздукту, коомдук тартипти, калктын саламаттыгы менен адеп-ахлагын сактоо, башка адамдардын укуктары менен эркиндиктерин коргоо максатында Конституция жана мыйзамдар менен чектелиши мүмкүн. Ушундай чектөөлөр аскердик же мамлекеттик башка кызматтын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен да киргизилиши мүмкүн. Киргизилип жаткан чектөөлөр көрсөтүлгөн максаттарга өлчөмдөш болушу керек.
  2. Адамдын жана жарандын укуктарын, эркиндиктерин чектеген мыйзам алдындагы ченемдик укуктук актыларды кабыл алууга тыюу салынат.
  3. Конституцияда каралгандан башка максаттарда жана андан ашкан даражада адамдын укуктарына жана эркиндиктерине мыйзам менен чектөө коюлбайт.
  4. Конституцияда каралган укуктар жана эркиндиктер чектелбейт.
  5. Конституцияда каралган тыюу салуулар боюнча белгиленген кепилдиктерге эч кандай чектөө коюлбайт.

 

24-берене

  1. Кыргыз Республикасы өз аймагынын чегинде, өзүнүн юрисдикциясында турган баардык адамдардын укуктары менен эркиндиктерин урматтайт жана камсыз кылат.

Эч ким жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча кодулоого алынышына тыюу салынат.

Жогоруда көрсөтүлгөн ченемдерди бузгандыгы үчүн жоопкерчилик мыйзам менен аныкталат.

Эл аралык милдеттенмелерге ылайык ар кандай социалдык топтор үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга багытталып, мыйзамда белгиленген атайын чаралар кодулоо катары эсептелбейт.

  1. Кыргыз Республикасында мыйзам жана сот алдында баардыгы бирдей.
  2. Кыргыз Республикасында эркектер менен аялдар бирдей укуктарга жана эркиндиктерге, аларды ишке ашыруу үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ.

 

II ГЛАВА. ЖЕКЕ УКУКТАР ЖАНА ЭРКИНДИКТЕР

 25-берене

  1. Ар бир адам ажыратылгыс жашоо укугуна ээ. Адамдын өмүрү менен саламаттыгына кол салууга жол берилбейт. Эч кимдин өмүрү өзүм билемдик менен кыйылышы мүмкүн эмес. Өлүм жазасына тыюу салынат.
  2. Ар бир адам зарыл болгон коргонуу чегинде өзүнүн өмүрүн жана ден соолугун, башка адамдардын өмүрүн жана ден соолугун укукка каршы кол салуудан коргоого укуктуу.

 

26-берене

  1. Үй-бүлө мыйзамда белгиленген нике курагына жеткен эркек менен аялдын ыктыярдуу никеге туруусунун негизинде түзүлөт. Никелешип жаткан эки адамдын макулдугусуз никеге жол берилбейт. Нике мамлекет тарабынан катталат.
  2. Балага кам көрүү, аны тарбиялоо – атасынын да, энесинин да милдети жана жарандык парзы. Эмгекке жарамдуу, жашы жетилген балдары ата-энелерине камкордук көрүүгө милдеттүү.
  3. Жубайлар никеде жана үй-бүлөдө тең укуктарга жана милдеттерге ээ.

 

27- берене

  1. Ар бир бала өзүнүн физикалык, акыл эс, ички руханий, ыймандык жана социалдык жактан өнүгүүсү үчүн зарыл болгон жашоо деңгээлине укуктуу.
  2. Кыргыз Республикасында баланын эң маанилүү кызыкчылыктарын колдоо жана камсыз кылуу принциби колдонулат.
  3. Баланын өнүгүшү үчүн зарыл болгон жашоо шарттарын камсыздоо жоопкерчилиги баланы тарбиялап жатышкан ата-энесине, камкорчуга жана көзөмөлдөөчүгө жүктөлөт.
  4. Мамлекет жетимдерге жана ата-энесинин багуусунан ажыраган балдарга 18 жашка чейин кам көрөт, тарбиялайт жана окутат. Ошону менен бирге аларга бекер орто жана жогорку кесиптик билим алууга шарт түзөт. Аларга социалдык камсыздоо көрсөтүлөт.

 

28-берене

  1. Кыргыз Республикасында кулчулукка, адамдарды сатууга жол берилбейт.
  2. Балдардын эмгегин пайдаланууга тыюу салынат
  3. Согуш, табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу жана башка өзгөчө кырдаалдардан, ошондой эле сот чечимин аткаруу тартибинен сырткаркы учурларда мажбурланган эмгекке тыюу салынат.

Аскердик, альтернативдик (аскерден тышкары) кызмат өтөөгө тартуу мажбурланган эмгек болуп эсептелбейт.

 

29-берене

  1. Ар бир адам жеке турмушунун кол тийбестигине, ар-намысынын жана аброюнун корголушуна укуктуу.

Кыргыз Республикасында адамдын аброю абсолюттук жана кол тийгис.

  1. Эч кимдин инсандык ар-намысына жана аброюна доо кетирген же аны кемсинткен маалыматты таратуу үчүн кылмыштык куугунтукка тыюу салынат.
  2. Ар бир адам кат-кабар алышуунун, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн, почта, телеграфтык, электрондук жана башка кабарлашуулардын купуялуулугуна укуктуу. Бул укуктарды чектөөгө мыйзамда каралган негизде соттун чечимисиз жол берилбейт.
  3. Мыйзамда белгиленгенден тышкаркы учурларда купуя маалыматты, адамдын жеке турмушу тууралуу маалыматты анын макулдугусуз жыйноого, сактоого, пайдаланууга жана жайылтууга жол берилбейт.
  4. Ар бир адамга купуя маалыматты, адамдын жеке турмушу жөнүндө маалыматты мыйзамсыз жыйноодон, сактоодон, жайылтуудан коргоо, анын ичинде соттук коргоо кепилденет, ошондой эле укуксуз иш-аракеттер менен келтирилген материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтуртуп алуу укугуна кепилдик берилет.

 

30-берене

  1. Ар бир адам өзүнүн менчигинде же башка укуктук ээлигинде турган турак жайы менен башка объектилеринин кол тийбестик укугуна ээ. Эч ким ээсинин эркинен тышкары алар пайдаланып турган турак жайга жана башка объектилерине кире албайт.
  2. Жеке менчикте жана башка укуктук ээликте болгон турак жайды жана бөлөк объектилерди тинтүүгө, алып коюуга, кароого жана башка аракеттерди жүргүзүүгө, ошондой эле аларга бийлик өкүлдөрүнүн кирүүсүнө сот чечиминин негизинде гана жол берилет.
  3. Мыйзамда каралган өзгөчө учурларда соттун чечимисиз жеке менчик жана башка укуктук ээликте болгон турак жайды башка объектилерди тинтүүгө, алып коюуга, кароого жана башка аракеттерди жүзөгө ашырууга, аларга бийлик өкүлдөрүнүн кирүүсүнө жол берилет. Мындай аракеттердин мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү сот тарабынан каралууга тийиш.
  4. Ушул беренеде белгиленген кепилдиктер жана чектөөлөр юридикалык жактарга да жайылтылат.

 

31-берене

  1. Ар бир адам Кыргыз Республикасынын аймагында эркин жүрүүгө, баруучу жана жашоочу жерин тандап алууга укуктуу.
  2. Кыргыз Республикасынын жараны Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары эркин чыгууга жана тоскоолдуксуз кайтып келүүгө укуктуу. Чыгуу укугун чектөөгө мыйзамдын негизинде гана жол берилет.

Кыргыз Республикасынын жарандарынын тоскоолдуксуз кайтып келүү укугуна эч кандай чектөө коюлбайт.

 

32-берене

  1. Ар бир адам эркин ой жүгүртүүгө жана пикирге ээ болууга укуктуу.
  2. Ар бир адам өз пикирин эркин билдирүүгө, сөз жана басма сөз эркиндигине укуктуу.
  3. Эч ким өз пикирин билдирүүгө же андан баш тартууга мажбурланбоого тийиш.
  4. Улуттук, расалык, диний жек көрүүчүлүккө, гендердик жана башка социалдык үстөмдүккө үгүттөп, басмырлоого, кастыкка же зомбулукка чакырууга тыюу салынат.

 

33-берене

  1. Ар бир адам маалыматты эркин издөөгө, алууга, сактоого, пайдаланууга, оозеки, жазуу түрүндө жана башка жол менен жайылтууга укуктуу.
  2. Ар бир адам мамлекеттик органдардагы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы, мекемелердеги жана уюмдардагы өзү жөнүндөгү маалыматтар менен таанышууга укуктуу.
  3. Ар бир адам мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардагы кызмат адамдарынын, мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары катышкан юридикалык жактардын, ошондой эле республикалык жана жергиликтүү бюджеттен каржыланган уюмдардын ишмердиги жөнүндө маалымат алууга укуктуу.
  4. Ар бир адамга мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын карамагында болгон маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгү кепилденет. Маалымат берүү тартиби мыйзам менен аныкталат.

 

34-берене

  1. Ар бир адамга абийир жана дин тутуу эркиндиги кепилденет.
  2. Ар ким өз алдынча же башкалар менен бирге каалаган динин тутууга же эч дин тутпоого укуктуу.
  3. Ар бир адам диндик жана башка ынанымдарды эркин тандоого жана тутууга укуктуу.
  4. Эч ким өзүнүн диний жана башка ынанымдарын билдирүүгө же алардан баш тартууга мажбурланбоого тийиш.

 

35-берене

Ар бир адам мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын кызматтык милдеттерин аткаруудагы мыйзамсыз аракеттери же аракетсиздиги аркылуу келтирилген зыяндын ордун мамлекеттен толтуртуп алууга укуктуу.

 

36-берене

Ар бир адам биригүү эркиндигине укуктуу.

 

III ГЛАВА.

САЯСИЙ УКУКТАР

37-берене

  1. Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайлоого жана шайланууга, ошондой эле референдумга катышууга укуктуу.
  2. Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттин жана коомдун иштерин башкарууга түздөн-түз, ошондой эле өздөрүнүн өкүлдөрү аркылуу катышууга укуктуу.
  3. Кыргыз Республикасынын жарандары мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттик жана муниципалдык кызматка кирүүдө, кызмат боюнча көтөрүлүүдө бирдей укуктарга, бирдей мүмкүнчүлүктөргө ээ.
  4. Кыргыз Республикасынын жарандары мыйзамдарды, республикалык жана жергиликтүү маанидеги чечимдерди талкуулоого жана кабыл алууга катышууга укуктуу.
  5. Ар бир адам мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына кайрылууга укуктуу, алар ага мыйзамдын негизинде белгиленген мөөнөттө жооп берүүгө милдеттүү.
  6. Жарандар республикалык жана жергиликтүү бюджеттерди түзүүгө катышууга, ошондой эле бюджеттен иш жүзүндө чыгышталып жаткан каражаттар туурасында маалымат алууга укуктуу.

 

38-берене

Кыргыз Республикасынын башка жарандыгы да бар жарандары саясий жана атайын мамлекеттик кызмат орундарын ээлөөгө укуктуу эмес. Бул чектөө мыйзам менен мамлекеттик башка кызмат орундары үчүн да белгилениши мүмкүн.

 

39-берене

  1. Ар бир адам тынчтык чогулушун өткөрүү эркиндигине укуктуу. Эч ким чогулушка катышууга мажбурланбоого тийиш.
  2. Тынчтык чогулушун өткөрүүнү камсыздоо максатында ар бир адам мамлекеттик органдарга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына билдирме берүүгө укуктуу.
  3. Тынчтык чогулуштарды уюштуруучулар жана аларга катышуучулар тынч чогулуш өткөрүү жөнүндө билдирүүнүн жоктугу, билдирүүнүн түрү, мазмуну жана берилген мөөнөтү сакталбагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылбайт.
  4. Тынчтык чогулуштарын уюштуруу жана өткөрүү мыйзам менен аныкталат.

 

IV ГЛАВА.

ЭКОНОМИКАЛЫК ЖАНА СОЦИАЛДЫК УКУКТАР

 40-берене

Ар бир адам менчигине, өз ишмердигинин натыйжаларына ээлик кылууга, аны колдонууга жана тескөөгө укуктуу.

 

41-берене

Ар бир адам экономикалык эркиндикке ээ болууга, өз жөндөмдүүлүгү менен мүлкүн мыйзамда тыюу салынбаган ар кандай экономикалык ишмердик үчүн эркин колдонууга укуктуу.

 

42-берене

  1. Ар бир адам эркин эмгектенүүгө, эмгекке жөндөмдүүлүгүн пайдаланууга, кесибин жана иштин түрүн тандоого, коопсуздуктун жана гигиенанын талаптарына жооп берген эмгектик коргоого жана эмгектик шарттарга укуктуу, ошондой эле мыйзам менен белгиленген жашоо минимумунан төмөн болбогон эмгек акы алууга укуктуу.
  2. Ар бир адам эс алууга укуктуу.
  3. Жумуш убактысынын эң узактыгы, жумасына эс алуунун эң аз убактысы жана акы төлөнүүчү жылдык өргүү, ошондой эле эс алуу укугун жүзөгө ашыруунун башка негизги шарттары мыйзам менен аныкталат.
  4. Жарандар иш таштоо укугуна ээ. Иш таштоо өткөрүүнүн тартиби жана шарттары мыйзам менен аныкталат.

 

43-берене

  1. Ар бир адам ден-соолугун коргоого жана медициналык камсыздандырууга укуктуу. Медициналык камсыздандыруу шарттары мыйзам менен аныкталат.
  2. Мамлекет ар бир адамды медициналык жактан тейлөө үчүн шарт түзөт, саламаттык сактоонун мамлекеттик, муниципалдык, жеке жана башка мекемелерди өнүктүрүү боюнча чараларды көрөт.

Мамлекет медициналык мекемелердин кызматкерлери үчүн зарыл шарттарды түзөт жана аларды социалдык жактан коргоону камсыз кылат.

  1. Кыргыз Республикасынын жарандары мамлекеттик саламаттык сактоо мекемелелеринин тармагынан акысыз пайдаланууга укуктуу.

Медициналык тейлөө, ошондой эле жеңилдик шарттар, мамлекеттин эсебинен мыйзамда каралган мамлекеттик кепилдиктердин чегинде жүзөгө ашырылат.

  1. Кызматкерлер тарабынан адамдын өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунуч туудурган фактылар менен жагдайлардын жашырылышы мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке тартылат.
  2. Жарандарды медициналык жактан акы төлөтүп тейлөөгө мыйзамда аныкталган негизде жана тартипте жол берилет.

 

44-берене

  1. Кыргыз Республикасында мыйзамда каралган тартипте жана учурларда улгайган курактагы, ооруп жана эмгекке жөндөмдүүлүгүн жоготкон, багуу-көрөөрүнөн ажырап калган жана майып жарандарга мамлекеттин эсебинен социалдык жактан камсыз кылуу кепилденет.
  2. Пенсиялар, социалдык жөлөк пул жана башка социалдык жардам мыйзамда белгиленген жашоо минимумунан кем эмес жашоо деңгээлин камсыз кылууга тийиш.
  3. Мамлекет майыптарды, адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин толук жана бирдей жүзөгө ашырууга, аларды эч кандай кодулоосуз социалдык интеграциялоого, майыптар үчүн жеткиликтүү чөйрөнү түзүүгө жана алардын жашоо турмушунун сапатын жакшыртууга негизделген социалдык жактан коргоо системасынын иштөөсүн камсыз кылат.
  4. Мамлекет ыктыярдуу социалдык камсыздандырууну, социалдык жактан камсыз кылуунун кошумча түрлөрүн түзүүнү жана кайрымдуулук иш-аракеттерди колдоого алат.
  5. Мамлекеттин социалдык ишмердиги жарандардын экономикалык эркиндигин, жигердүүлүгүн, өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн жыргалчылыгына өз алдынча жетүү мүмкүнчүлүктөрүн чектеген мамлекеттик камкордук формасына өтпөөгө тийиш.

 

45-берене

  1. Ар бир адам турак жайлуу болууга укуктуу.
  2. Эч ким негизсиз эле эркине каршы турак жайынан ажыратылбайт.
  3. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары турак жай курууга көмөк көрсөтөт, турак жайга ээ болуу укугун жүзөгө ашырууга шарт түзүшөт.
  4. Аз камсыз жана муктаж болгон жарандарга турак жай мамлекеттик, муниципалдык жана башка турак жай фонддорунан же болбосо социалдык мекемелерден мыйзамда каралган негизде жана тартипте берилет.

 

46-беренеси

  1. Ар бир адам билим алууга укуктуу.
  2. Негизги жалпы билим алуу милдеттүү.
  3. Ар бир адам мамлекеттик билим берүү уюмдарында мектепке чейинки, негизги жалпы, орто жалпы жана башкы кесиптик билимди акысыз алууга укуктуу.

4.Мамлекет мектепке чейинки билим берүүдөн баштап негизги жалпы билим берүү мекемелерине чейин ар бир жарандын мамлекеттик, расмий жана башка бир чет тилди окутуп-үйрөтүүсү үчүн шарт түзөт.

  1. Мамлекет мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчик жана башка формадагы окуу жайларын өнүктүрүү үчүн бирдей шарттарды түзөт.
  2. Мамлекет дене тарбия жана спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды түзөт.
  3. Мамлекет жарандардын кесиптик квалификациясын жогорулатууга мыйзамда каралган тартипте көмөктөшөт.

 

47-беренеси

  1. Кыргыз Республикасында жаштарга руханий-маданий адеп-ахлактык жана физикалык жактан өсүп-өнүгүү укугу кепилденет.
  2. Мамлекет жаштардын билим алуусуна жана жумуш менен камсыздалышына зарыл болгон шарттарды түзүүгө, жаш үй-бүлөлөрдү колдоого, жаштардын саясий, социалдык, экономикалык, маданий жана башка чөйрөлөргө эркин катышуусуна багытталган жаштар саясатынын жүргүзүлүшүн камсыз кылат.

 

48-берене

  1. Ар бир адамга, өзүн-өзү таануу, жеке өнүгүү максатында эркин илимий, техникалык, көркөм жана чыгармачылыктын башка түрлөрү менен иштөөгө, окутуучулукка жана окууга кепилдик берилет. Ар бир адам өз кызыкчылыгына жана жөндөмүнө жараша чыгармачылыктын баардык түрлөрүн жүргүзүүгө укуктуу.
  2. Ар бир адам маданий турмушка катышуу укугуна жана маданият баалуулуктарынан пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ.
  3. Мамлекет жарандардын укуктук маданиятын жана укуктук аң-сезимин жогорулатуу үчүн шарт түзөт.
  4. Интеллектуалдык менчик мыйзам менен коргоого алынат.

 

49-берене

  1. Ар бир адам жашоо жана ден-соолук үчүн жагымдуу экологиялык чөйрөгө укуктуу.
  2. Ар бир адам табиятты пайдалануу чөйрөсүндөгү аракеттерден улам саламаттыкка же мүлккө келтирилген зыяндын ордун толтуртуп алууга укуктуу.
  3. Ар бир адам курчап турган табигый айлана-чөйрөгө, өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүн сактоого, коргоого жана аяр мамиле кылууга милдеттүү.

 

50-берене

Ар бир адам мыйзамда каралган учурларда жана тартипте салыктарды төлөөгө жана жыйымдарды төгүүгө милдеттүү.

 

V ГЛАВА.

ЖАРАНДЫК.

ЖАРАНДЫН УКУКТАРЫ ЖАНА МИЛДЕТТЕРИ

 

51-берене

  1. Кыргыз Республикасынын жарандыгы – адам менен мамлекеттин өз ара укуктарынын жана милдеттеринин жыйындысынан көрүнгөн туруктуу укуктук байланышы.
  2. Бир дагы жаран өз жарандыгынан ажыратылышы мүмкүн эмес. Мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын жараны болгон адамдардын башка мамлекеттин жарандыгына тийиштүүлүгү таанылат.
  3. Өзүн Кыргыз Республикасынын элине таандык экендигин далилдеген ар бир адам Кыргыз Республикасынын жарандыгын жөнөкөйлөтүлгөн тартипте алууга укуктуу.

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жашаган кыргыздар башка мамлекеттин жараны болгондугуна карабастан, жөнөкөйлөтүлгөн тартипте Кыргыз Республикасынын жарандыгын алууга укуктуу.

Кыргыз Республикасынын жарандыгын берүүнүн тартиби жана шарты мыйзам менен аныкталат.

  1. Кыргыз Республикасынын жаранынын паспорту мамлекеттин менчиги.
  2. Кыргыз Республикасынын жараны республиканын чегинен сыртка чыгарылып салынбайт же башка мамлекетке берилбейт.
  3. Кыргыз Республикасы өзүнүн жарандарына өз чегинен сырткары да коргоо жана колдоо көрсөтүлүшүнө кепилдик берет.
  4. Мурда Кыргыз Республикасынын жарандыгында турган, жарандыгы жок чет өлкөлүк жарандар же жарандыгы жок адамдар жашап турганга укукту жөнөкөйлөтүлгөн тартипте алууга укуктуу.

 

52-берене

  1. Кыргыз Республикасынын мыйзамында же Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнѳ кирген, эл аралык келишимде белгиленгенден башка учурларда чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей укуктарга жана милдеттерге ээ.
  2. Эл аралык милдеттенмелерге ылайык Кыргыз Республикасы саясий себептер боюнча, ошондой эле адам укуктары менен эркиндиктерин бузуу менен куугунтукталган чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга саясий калкалоо берет.

Саясий калкалоого алынган адам башка мамлекетке өткөрүлүп берилбейт.

 

53- берене

  1. Коомдук жүрүш-туруштун эрежелерин жана ченемдерин сактоо, коомдун кызыкчылыктарын коргоо – ар бир адамдын милдети. Адамдын өзүнүн укуктарын жана эркиндиктерин жүзөгө ашыруусу башка адамдардын укуктарын жана эркиндиктерин бузбашы керек.
  2. Ар бир адам Конституцияда жана мыйзамдарда тыюу салынбаган кандай гана болбосун иш-аракеттерди жана ишмердикти жүргүзүүгө укуктуу.
  3. Ар бир адам Конституцияны жана мыйзамдарды сактоого, башка адамдардын укуктарын, эркиндиктерин, ар-намысын жана аброюн сыйлоого милдеттүү.

 

54-берене

  1. Ата Мекенди коргоо – Кыргыз Республикасынын жарандарынын ыйык парзы жана милдети.
  2. Кыргыз Республикасынын жарандары мыйзам менен белгиленген чектерде жана шарттарда аскердик кызматты өтөшөт. Аскер кызматын өтөөдөн бошотуунун же аны альтернативдүү кызмат менен алмаштыруунун негиздери жана тартиби мыйзам менен аныкталат.

 

VI ГЛАВА.

АДАМДЫН ЖАНА ЖАРАНДЫН УКУКТАРЫНЫН ЖАНА ЭРКИНДИКТЕРИНИН КЕПИЛДИКТЕРИ

 

55-берене

Кыргыз Республикасында эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине жана ченемдерине, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнѳ кирген эл аралык келишимдерге ылайык адамдын жана жарандын негизги укуктары жана эркиндиктери таанылат жана кепилденет.

56- беренеси

  1. Мамлекет Конституцияда жана мыйзамдарда бекитилген тартипте адамдардын укуктары менен эркиндиктерин камсыз кылат.
  2. Кыргыз Республикасында адамдын укуктары менен эркиндиктерин жокко чыгаруучу же кемсинтүүчү мыйзамдар кабыл алынбашы керек.
  3. Инсандын дене боюна жана моралдык кол тийбестигине карата чектөөлөр жасаган кылмышы үчүн жаза катары мыйзамдын негизинде соттун өкүмү боюнча гана болушу мүмкүн.
  4. Эч ким кыйноого, мыкаачылыкка же жазалоонун ырайымсыз, адамкерчиликсиз же адамдын аброюн кемсинткен түрлөрүнө дуушар болбоого тийиш.
  5. Эркиндигинен ажыратылган ар бир адам өзүнө адамкерчиликтүү мамиле жасалуусуна жана адамдык аброюнун кемсинтилбешине укуктуу.
  6. Тийиштүү түрдө билдирилген жана тастыкталган ыктыярдуу макулдугусуз адамдарга карата медициналык, биологиялык, психологиялык тажрыйбаларды жүргүзүүгө тыюу салынат.

57-берене

  1. Ар бир адам мыйзамда каралган тартипте күнөөлүү экендиги далилденмейинче жана мыйзамдуу күчүнѳ кирген соттун өкүмү менен аныкталмайынча, кылмыш жана/же жосун жасаганга күнөөлүү деп эсептелбейт. Бул принциптин бузулушу материалдык чыгымдын жана моралдык зыяндын ордун сот аркылуу толтуруп берүү үчүн негиз болот.
  2. Эч ким өзүнүн күнөөсүздүгүн далилдөөгө милдеттүү эмес. Күнөөлүү экенине карата ар кандай шексинүү айыпталуучунун пайдасына чечмеленет.
  3. Эч ким кылмыш жасаганын өзү мойнуна алгандыгынын негизинде гана соттолушу мүмкүн эмес.
  4. Күнөөнү далилдөө түйшүгү айыптоочуга жүктөлөт. Мыйзамды бузуу менен алынган далилдер күнөөнү негиздөө жана соттун чечимин чыгаруу үчүн пайдаланылышы мүмкүн эмес.
  5. Эч ким жеке өзүнө, жубайына жана мыйзам менен аныкталуучу жакын туугандарына каршы көрсөтмө берүүгө, ошондой эле аларга каршы сурак берүүгө милдеттүү эмес.

 

58-берене

  1. Ар бир адам мыйзамда белгиленген учурларда сот арачыларынын катышуусу менен иштери сотто каралуусуна укуктуу.
  2. Ар бир соттолгон адам ырайым кылууну жана жазасын женилдетүүнү суранууга укуктуу.
  3. Эч ким бир эле жасаган укук бузуу үчүн кайталап юридикалык жоопкерчиликке тартылбашы керек.

4 Ар бир соттолгон адам мыйзамга ылайык өз ишин жогору турган сотто каратууга укуктуу.

  1. Ар бир адам өзүнүн бузулган укуктары менен эркиндиктерин коргоо үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте күчүнѳ кирген, эл аралык келишимдерге ылайык адам укуктары боюнча эл аралык органдарга кайрылууга укуктуу.

 

 59-берене

  1. Ар бир адам эркиндикке жана жеке кол тийбестикке укуктуу.
  2. Эч ким кандайдыр бир жарандык-укуктук милдеттенмесин аткарууга мүмкүнчүлүгү жок деген негизде эле эркиндигинен ажыратылышына тыюу салынат.
  3. Мыйзамда белгиленген негиздер менен тартиптерден тышкары эч ким кармалышы, соттун чечимисиз камакка алынышы же эркиндигинен ажыратылышы мүмкүн эмес.
  4. Эч ким соттун чечимисиз 48 сааттан ашык мөөнөткө кармалышы мүмкүн эмес.

Ар бир кармалган адам кармалышынын мыйзамдуулугу жана негиздүүлүгү жөнүндөгү маселени чечүү үчүн дароо, кармалган учурунан 48 саат өткөнгө чейин сотко жеткирилүүгө тийиш. Эгерде адамды кармоого негиз жок болуп чыкса, ал адам дароо бошотулууга тийиш.

Айрым учурларда кармап туруунун мындан кыска мөөнөттөрү мыйзам менен белгилениши мүмкүн.

  1. Кармалган ар бир адамга эч кечиктирилбестен кармалышынын себептери жөнүндө билдирилиши жана укуктары түшүндүрүлүп берилиши керек.

Кармалган учурдан тартып адамдын коопсуздугу камсыз кылынып, ага өзүн-өзү коргоого жана адвокаттын квалификациялуу юридикалык жардамынан пайдаланууга, ошондой эле медициналык кароого жана дарыгердин жардамына укуктуу.

  1. Бул берененин жоболорун бузуу менен кармалган же камакка алынган ар бир адам тарткан зыяндын ордун мамлекеттин эсебинен толтуртуп алууга укуктуу, мыйзам тарабынан белгиленген тартипте жана өлчөмдө компенсация төлөнөт.

Билип туруп атайын мыйзамсыз жана негизсиз кармап же камакка алуу аныкталган учурда кызмат адамдары кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

 

60- беренеси

  1. Адамдын жоопкерчилигин аныктаган же оорлоткон мыйзам өткөн мезгилге карата колдонулбайт. Жасалган учурга карата укук бузуу деп таанылбаган иш-аракети үчүн эч ким жоопкерчиликке тартылбашы керек. Эгерде укук бузуу жасалгандан кийинки учурда жоопкерчилик жокко чыгарылса же жеңилдетилсе, анда жаңы мыйзам колдонулат.
  2. Жоопкерчиликти белгилөөчү жазык мыйзамы аналогия боюнча колдонулбайт.

 

61-берене

  1. Ар бир адамдын Конституцияда, мыйзамдарда, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде, эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптеринде жана ченемдеринде каралган укуктар менен эркиндиктеринин сот аркылуу корголушуна кепилдиктер берилет.
  2. Ар бир адам өз укуктарын жана эркиндиктерин коргоого, ошондой эле мыйзам тарабынан тыюу салынбаган баардык жеткиликтүү ыкмалар аркылуу бузулган укуктарынын калыбына келтирилишин камсыз кылууга укуктуу.
  3. Мамлекет адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоонун соттон тышкары жана сотко чейинки ар кандай методдорун, формаларын, ыкмаларын өнүктүрүүнү камсыздайт.

Жарандык укуктук мамилелерден келип чыккан талаш-тартыштарды соттон тышкары чечүү үчүн бейтарап соттор уюштурулушу мүмкүн. Бейтарап сотторду түзүү тартиби, ыйгарым укуктары, жана ишмердиги мыйзам менен аныкталат.

  1. Ар бир адам квалификациялуу юридикалык жардам алууга укуктуу. Мыйзамда каралган учурларда юридикалык жардам мамлекеттин эсебинен көрсөтүлөт.

 

62-берене

  1. Мамлекет адамдын укуктарына, эркиндиктерине жана милдеттерине тиешелүү мыйзамдарды жана башка ченемдик укуктук актыларды жарыялоого кепилдик берет, бул аларды колдонуунун милдеттүү шарты болуп эсептелет.
  2. Конституцияда белгиленген укуктар менен эркиндиктердин тизмеси толук деп эсептелбейт жана адамдын жалпы таанылган башка укуктарын жана эркиндиктерин жокко чыгарат же азайтат деп чечмеленбөөгө тийиш.

 

63-берене

  1. Сөз, басма сөз жана массалык маалымдоо каражаттарынын эркиндигин чектеген мыйзамдардын кабыл алынышына тыюу салынат.
  2. Мамлекет ар бир адамдын өздүк маалыматтарынын коргоолушуна кепилдик берет.

Ар бир адамга өздүк маалыматтарын алууга мүмкүндүк берүү мыйзамда каралган учурларда гана жүргүзүлөт.

 

64- берене

Адвокаттардын өз алдынча башкаруучу кесиптик жамааты катары адвокатуранын уюшулушу жана ишмердиги, ошондой эле алардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги мыйзам менен аныкталат.

 

65-берене

Кыргыз Республикасында адам укуктары менен эркиндиктерин кемсинтпеген улуттук каада-салттар менен үрп-адаттар мамлекет тарабынан колдоого алынат.

 

ҮЧҮНЧҮ БӨЛҮМ

МАМЛЕКЕТТИК БИЙЛИК ОРГАНДАРЫ

 I ГЛАВА. КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

 

66-берене

  1. Президент — мамлекет башчысы, жогорку кызмат адамы жана Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигин жетектейт.

2.Президент элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин сактайт.

  1. Президент Конституциянын, адамдын, жарандын укуктарынын жана  эркиндиктеринин кепили.
  2. Президент мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктайт. Мамлекеттик бийликтин биримдигин, мамлекеттик органдардын макулдашылып иштөөсүн жана өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат.
  3. Президент мамлекеттин ичинде, эл аралык мамилелерде Кыргыз Республикасынын атынан иш жүргүзөт. Кыргыз Республикасынын эгемендигин жана чек ара бүтүндүгүн коргоо боюнча чараларды көрөт.

 

67-берене

  1. Президент Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланат.
  2. Бир эле адам эки жолудан ашык Президент болуп шайлана албайт.

 

68-берене

  1. Президент болуп 35 жашка толгон, мамлекеттик тилди билген жана республикада жалпысынан 15 жылдан кем эмес жашаган Кыргыз Республикасынын жараны шайлана алат.
  2. Президенттин кызмат ордуна талапкерлердин саны чектелбейт. Жалпы мамлекеттик өнүгүү боюнча программасын сунуштаган жана 30 миңден кем эмес шайлоочунун макулдук колтамгасын топтогон адам Президенттикке талапкер болуп каттала алат.

Президентти шайлоо тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

 

69-берене

  1. Президент кызматына киришерде Кыргыз Республикасынын элине ант берет.
  2. Президенттин ыйгарым укуктары жаңы шайланган Президент кызматка киришкен учурдан тартып токтотулат.
  3. Президент өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырган мезгилде өзүнүн саясий партияга мүчөлүгүн жана саясий партиялардын иштерине байланыштуу ар кандай аракеттерин токтотот.

 

70-берене

  1. Президент:

1) Министрлер Кабинетинин түзүмүн жана курамын  аныктайт;

2) Министрлер Кабинетинин төрагасын, анын орун басарларын жана башка мүчөлөрүн Жогорку Кеңештин макулдугу менен дайындайт;

3) Министрлер Кабинетинин төрагасынын, анын орун басарларынын жана башка мүчөлөрүнүн отставкага кетүү жөнүндө өтүнүчтөрүн жана аларды отставкага кетирүү жөнүндө чечимди кабыл алат;

4) өзүнүн демилгеси, Жогорку Кенештин же Элдик Курултайдын сунушун эске алуу менен, мыйзам чегинде Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн  жана аткаруу бийлик органдарынын жетекчилерин бошотот;

5) аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилерин дайындайт; аларды кызматынан бошотот;

6) жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын дайындайт; аларды кызматынан бошотот;

7) Президенттин Администрациясын түзөт;

8) Коопсуздук кеңешти түзөт жана жетектейт.

9) Мамлекеттик катчыны кызматка дайындайт жана бошотот;

10) балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу Өкүлдү дайындайт жана бошотот.

  1. Президент:

1) өзүнүн демилгеси, же кеминде 300 миң шайлоочунун, же Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн демилгеси менен референдум дайындоо жөнүндө чечим кабыл алат;

2) Конституцияда каралган учурларда Жогорку Кеңешке шайлоону дайындайт; Конституцияда каралган тартипте жана учурда Жогорку Кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө чечим кабыл алат;

3) жергиликтүү кеңештерге шайлоолорду дайындайт; мыйзамда каралган учурда жана тартипте жергиликтүү кеңештерди таркатат; жергиликтүү кеңештерге мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт.

  1. Президент:

1) Жогорку Кеңешке мыйзам долбоорлорун киргизет;

2) мыйзамдарга кол коет жана элге жарыялайт; мыйзамдарды каршы пикири менен Жогорку Кеңешке кайтарат;

3) Элге, Жогорку Кенешке, Элдик Курултайга өлкөдөгү абал жана мамлекеттин ички жана тышкы саясатынын негизги багыттары боюнча жыл сайын кайрылуу ( послание) жасайт;

4) Жогорку Кенешке жыл сайын ишмердүүлүгү боюнча маалымат берет;

5) зарыл учурларда Жогорку Кеңештин кезексиз жыйналышын чакырууга жана каралуучу маселелерди аныктоого укуктуу;

6) Жогорку Кеңештин жана Элдик Курултайдын жыйналышында чыгып сүйлөөгө укуктуу.

  1. Президент:

1) Сот адилеттиги иштери  боюнча кеңештин сунуштамасынын негизинде Жогорку соттун жана Конституциялык соттун судьяларын кызматына шайлоо үчүн талапкерлерди Жогорку Кеңешке сунуштайт;

2) Конституцияда жана конституциялык мыйзамда каралган учурларда Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Жогорку соттун жана Конституциялык соттун судьяларын кызматынан бошотуу үчүн Жогорку Кеңешке сунуштайт;

3) Сот адилеттигинин иштери  боюнча кеңешинин сунушу менен жергиликтүү соттордун судьяларын дайындайт;

4) Конституцияда жана конституциялык мыйзамда каралган учурларда Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жергиликтүү соттордун судьяларын бошотот;

5) Судьялар кенешинин сунушу боюнча Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларынын арасынан Жогорку Кеңештин  макулдугу менен 5 жылдык мөөнөткө алардын төрагаларын кызмат ордуна  дайындайт; Конституцияда жана конституциялык мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагаларын кызмат ордунан бошотот;

6) Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагаларынын сунушу боюнча Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларынын арасынан Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагаларынын орун басарларын 5 жылдык мөөнөткө дайындайт;

  1. Президент:

1) Жогорку Кеңештин макулдугу менен Башкы прокурорду дайындайт; мыйзамда каралган учурларда Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмесинин макулдугу менен Башкы прокурорду кызматтан бошотот; Башкы прокурордун сунушу боюнча анын орун басарларын дайындайт жана кызматтан бошотот;

2) Улуттук банктын төрагасынын кызмат ордуна шайлоо үчүн талапкерди Жогорку Кеңешке киргизет; Улуттук банктын төрагасынын сунушу боюнча Улуттук банктын төрагасынын орун басарларын жана башкарма мүчөлөрүн дайындайт, мыйзамда каралган учурларда аларды кызматтан бошотот;

3) Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын курамынын жарымын шайлоо үчүн талапкерлерди жана аларды кызматтан бошотуу сунушун Жогорку Кеңешке киргизет;

4)  Эсептөө палатасынын мүчөлөрүнүн үчтөн бирин кызмат ордуна шайлоо жана кызматтан бошотуу үчүн талапкерлерди Жогорку Кеңешке киргизет;

5)  Эсептөө палатасынын Жогорку Кеңеш тарабынан шайланган мүчөлөрүнүн ичинен Эсептөө палатасынын төрагасын дайындайт жана аны мыйзамда каралган учурларда бошотот.

  1. Президент:

1) өлкөнүн ичинде жана анын чегинен тышкы жерлерде Кыргыз Республикасынын атынан чыгат;

2) сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана эл аралык келишимдерге кол коет; көрсөтүлгөн ыйгарым укуктарды башка кызмат адамдарына өткөрүп берүүгө укуктуу;

3) ратификациялоо грамоталарына жана эл аралык келишимдерге кошулуу жөнүндө грамоталарына кол коет;

4) Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларын жана эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлдөрүн дайындайт; аларды кайра чакыртып алат; чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчыларынын ишеним жана кайра чакыртып алуу грамоталарын кабыл алат;

  1. Президент Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыгынан чыгаруу маселелерин чечет;
  2. Президент Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы колбашчысы болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жогорку командалык курамын аныктайт, дайындайт жана кызматтан бошотот.
  3. Президент:

1) конституциялык мыйзамда каралган негиздер болгон учурда өзгөчө абалды киргизүү  жөнүндө эскертет, ал эми зарыл болгондо аны айрым жерлерде алдын ала жарыялабай туруп киргизет, ал жөнүндө Жогорку Кеңешке токтоосуз билдирет;

2) жалпы же жарым-жартылай мобилизациялоону жарыялайт; Кыргыз Республикасына баскынчылык жасалганда же түздөн-түз баскынчылык коркунучу туулганда согуш абалын жарыялайт жана бул маселени токтоосуз Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет;

3) өлкөнү коргоонун жана анын жарандарынын коопсуздугунун кызыкчылыктарында согуш абалын жарыялайт жана бул маселени токтоосуз Жогорку Кеңештин кароосуна киргизет.

  1. Президент:

1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын, мамлекеттик сый-акыларын жана ардак наамдарын ыйгарат;

2) Жогорку аскердик наамдарды, дипломатиялык рангдарды жана башка атайын наамдарды ыйгарат;

3) ырайым кылууну жүзөгө ашырат.

  1. Президент Конституцияда жана мыйзамдарда каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

 

71-берене

Президент Кыргыз Республикасынын баардык аймактарында аткарылышы милдеттүү болгон жарлыктарды жана буйруктарды кабыл алуу аркылуу өз ыйгарым укуктарын ишке ашырат.

 

72-берене

  1. Президент арызы менен кызматынан кеткен учурда, Конституцияда каралган тартипте кызматтан четтетилгенде, ошондой эле оорусу боюнча ыйгарым укуктарын аткара албай калганда же каза болгон учурда Президенттин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулат.
  2. Президент оорусуна байланыштуу өз милдеттерин аткара албай калганда, Жогорку Кеңеш өзү түзгөн мамлекеттик медициналык комиссиянын корутундусунун негизинде Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин добушу менен Президентти мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алат.

 

73-берене

  1. Президент кызматтан четтетилгенден кийин жазык жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.
  2. Президент кызматтан төмөнкүдөй негиздер боюнча четтетилиши мүмкүн:

— Конституцияны жана мыйзамдарды бузгандыгы үчүн;

— Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына, сот бийлик органдарынын ишмердигине мыйзамсыз кийлигишкендиги үчүн.

  1. Президентти кызматтан четтетүү үчүн ага каршы айыптоо жөнүндө Жогорку Кеңештин чечими депутаттардын жалпы санынын жарымынан кем эмесинин демилгеси боюнча жана Жогорку Кеңеш тарабынан түзүлгөн атайын комиссиянын корутундусу болгондо Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтѳн экисинин добушу менен кабыл алынып, Башкы прокуратурага жана Конституциялык сотко жиберилет.
  2. Президентти айыптоо, анын аракеттеринде кылмыштын белгилери болгону жөнүндө Башкы прокурордун корутундусунун жана айыптоонун белгиленген жол-жобосунун тартиби сакталгандыгы жөнүндө Конституциялык соттун ырасталган корутундусунун негизинде Жогорку Кенеш тарабынан Президент кызматынан четтетилиши мүмкүн.
  3. Президентти кызматтан четтетүү жөнүндө Жогорку Кеңештин чечими Президентке каршы айып коюлгандан кийин үч айлык мөөнөттөн кечиктирилбестен, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынышы керек. Эгерде бул мөөнөттө Жогорку Кеңештин чечими кабыл алынбаса, коюлган айып четке кагылды деп эсептелет.

 

74-берене

  1. Конституцияда көрсөтүлгөн себептер боюнча Президент өз ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон учурда, жаңы Президент шайланганга чейин анын ыйгарым укуктарын Жогорку Кенештин Төрагасы аткарат.
  2. Президенттин ыйгарым укуктарын Жогорку Кенештин Төрагасы аткарууга мүмкүн болбогон учурда, Президенттин ыйгарым укуктарын Министрлер Кабинетинин Төрагасы аткарат.
  3. Эгерде Президенттин ыйгарым укуктарын көрсөтүлгөн жактар тарабынан аткаруу мүмкүн болбогон учурда, Президенттин ыйгарым укуктарын аткаруучусу конституциялык мыйзамда аныкталат.

 

75-берене

  1. Конституцияда белгиленген тартипте кызматынан четтетилгенден башка баардык мурдагы президенттер Кыргыз Республикасынын экс-президенти деген наамга ээ болушат.
  2. Экс-президенттин статусу мыйзам менен белгиленет.

 

II ГЛАВА

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН  МЫЙЗАМ ЧЫГАРУУ БИЙЛИГИ

 76-берене

  1. Жогорку Кеңеш – Кыргыз Республикасынын парламенти – жогорку өкүлчүлүктүү, мыйзам чыгаруу бийлигин жана өз ыйгарым укуктарынын чегинде контролдук функцияларын жүзөгө ашыруучу орган.
  2. Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат жана 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Шайлоо күнүнө карата 25 жашка толгон жана шайлоо укугуна ээ Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

  1. Жогорку Кенештин депутатын чакыртып алуу мүмкүнчүлүгү конституциялык мыйзамда каралган тартипте жана учурларда ишке ашат.
  2. Жогорку Кеңештин депутаттары фракцияларга жана депуттатык топторго бириге алышат.

 77-берене

  1. Жогорку Кеңеш өзүнүн биринчи сессиясына шайлоолордун жыйынтыктары аныкталгандан кийин 15 күндөн кечикпестен чогулат.
  2. Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышын Жогорку Кеңештин жашы улуу депутаты ачат.
  3. Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышы болгон күндөн тартып мурдагы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары токтотулат.
  4. Жогорку Кеңештин жаӊы шайланган депутаттарынын ыйгарым укуктары алар ант берген күндөн тартып башталат.

 

78-берене

  1. Жогорку Кеңештин депутаты депутаттык ишине байланыштуу айткан ой-пикирлери же Жогорку Кеңештеги добуш берүүнүн жыйынтыктары үчүн куугунтукка алынышы мүмкүн эмес. Депутат кылмыш үстүндө кармалган учурдан сырткары учурларда, жазык жоопкерчилигине тартууга Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен гана жол берилет.
  2. Жогорку Кеңештин депутаты депутаттык ишин мамлекеттик же муниципалдык башка кызмат менен айкалыштыра албайт. Жеке ишкердикти жүргүзүшү, коммерциялык уюмдарда же байкоочулар кеңешинин курамына кириши мүмкүн эмес.

Жогорку Кеңештин депутаты илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык иштерди аткара алат.

 

79-берене

  1. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары тийиштүү чакырылыштагы Жогорку Кеңештин ишинин токтотулушу менен бир учурда токтотулат.
  2. Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктары төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулат:

1) ал депутаттык ыйгарым укуктарын токтоткондугу жөнүндө жазуу жүзүндө арыз бергенде;

2) жарандыктан чыкканда, башка мамлекеттин жарандыгын алганда;

3) депутаттык мандатты чакыртып алганда;

4) депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган башка ишке которулганда же ишин таштабаганда;

5) шайлоолор жараксыз деп табылганда;

6) туруктуу жашоо үчүн Кыргыз Республикасынын чегинен чыгып кеткенде;

7) депутат сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылганда;

8) ага карата соттун айып коюу өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;

9) бир сессиянын ичинде Жогорку Кеңештин жыйналыштарында себепсиз 10 жумушчу күнү жок болгондо;

10) анын дайынсыз жок болгондугун же өлгөндүгүн жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;

11) депутат каза болгондо.

  1. Көрсөтүлгөн негиздер боюнча Жогорку Кеңештин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу буга негиздер пайда болгон күндөн тартып 30 календарлык күндөн кечиктирилбестен Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын чечими менен жүзөгө ашырылат.

 

80-берене

  1. Жогорку Кеңеш:

1) Конституцияда белгиленген тартипте ушул Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизет;

2) мыйзамдарды кабыл алат;

3) мыйзамдарга расмий чечмелөө берет;

4) мыйзамда аныкталган тартипте эл аралык келишимдерди ратификациялайт жана денонсациялайт;

5) Кыргыз Республикасынын мамлекетик чек араларын өзгөртүү тууралуу маселелерди карайт;

6) Министрлер Кабинетинин Төрагасын,  анын орун басарларын жана  Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн дайындоого макулдук берет;

7) республикалык бюджетти бекитет;

8) республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө Министрлер Кабинетинин ар жылдык отчетун угат;

9) Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүнүн маселелерин карайт;

10) мунапыс жөнүндө актыларды чыгарат.

  1. Жогорку Кенеш:

1) Президенттик шайлоону дайындайт;

2) Конституцияда көрсөтүлгөн тартипте, Президентке референдум өткөрүү боюнча сунуш киргизет.

  1. Жогорку Кеңеш:

1) Сот адилеттиги иштери боюнча кенештин сунушунун негизинде Президенттин сунуштамасы менен Жогорку соттун жана Конституциялык соттун судьяларын Жогорку Кенештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмес добушу менен шайлайт жана  Конституцияда, конституциялык мыйзамда каралган учурларда, Президенттин сунуштамасы менен аларды кызматтан бошотот;

2) Президент тарабынан көрсөтүлгөн талапкерлерге Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларынын арасынан төрагаларын 5 жылдык мөөнөткө дайындоого Жогорку Кенештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмес добушу менен макулдук берет;

3) Судьялар кеңешинин сунушунун негизинде, конституциялык мыйзамда каралган учурларда, Президенттин сунуштамасы менен Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагаларын кызмат ордунан бошотууга макулдук берет;

4) конституциялык мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте Сот адилеттиги иштери боюнча Кеңештин курамын бекитет;

5) Президенттин сунуштамасы боюнча Улуттук банктын төрагасын шайлайт; мыйзамда каралган учурларда аны кызматтан бошотот;

6) Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын мүчөлөрүнүн экиден бирин Президенттин сунушу менен,  экиден бирин өзүнүн демилгеси менен шайлайт жана мыйзамда каралган учурларда аларды кызматтан бошотот;

7) Эсептөө палатасынын мүчөлөрүнүн курамынын үчтөн бирин — Президенттин сунушу менен, үчтөн экисин – өзүнүн демилгеси менен шайлайт; мыйзамда каралган учурларда аларды кызматтарынан бошотот;

8) Акыйкатчыны (Омбудсменди) шайлайт жана мыйзамда каралган учурларда кызматтан бошотот; аны жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берет;

9) Акыйкатчынын (Омбудсмендин) сунуштамасы боюнча Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басарларын шайлайт жана мыйзамда каралган учурларда кызматынан бошотот; аларды жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берет;

10) Президенттин сунуштамасы менен Башкы прокурорду дайындоого, бошотууга жана жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берет жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмес добушу менен макулдук берет;

11) мыйзамда каралган учурларда Башкы прокурорду кызматтан бошотуу тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгесин Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин көпчүлүк добушу менен жактырат.

  1. Жогорку Кеңеш:

1) конституциялык мыйзамда каралган учурларда жана тартипте өзгөчө абалды киргизет; бул маселе боюнча Президенттин жарлыктарын бекитет же жокко чыгарат;

2) согуш жана тынчтык маселелерин чечет; согуш абалын киргизет, согуш абалын жарыялайт, бул маселелер боюнча Президенттин жарлыктарын бекитет же жокко чыгарат;

3) тынчтыкты жана коопсуздукту сактоону колдоо боюнча мамлекеттер аралык келишимдик милдеттенмелерди аткаруу зарыл болгондо, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүн анын чектеринен тышкары жерлерде пайдалануунун мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени чечет;

4) Кыргыз Республикасынын аскердик наамдарын, дипломатиялык рангдарын жана башка атайын наамдарын белгилейт;

5) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын,  мамлекеттик сый-акыларын жана ардак наамдарын бекитет.

  1. Жогорку Кеңеш:

1) Президенттин жыл сайын кайрылууларын, маалыматтарын жана чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн сүйлөгөн сөздөрүн угат;

2) Акыйкатчынын (Омбудсмендин) жана Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасынын ар жылдык баяндамасын угат;

3) Башкы прокурордун, Улуттук банктын төрагасынын, Эсептөө палатасынын төрагасынын  ар жылдык отчетторун угат.

  1. Жогорку Кеңеш Конституцияда каралган тартипте Президентке каршы айып коет; Президентти кызматынан четтетүү жөнүндө чечим кабыл алат.
  2. Жогорку Кеңеш Конституцияда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

 

81-берене

  1. Жогорку Кеңеш өз курамынан Жогорку Кеңештин Төрагасын жана анын орун басарларын шайлайт.
  2. Жогорку Кеңештин Төрагасы:

1) Жогорку Кеңештин жыйналыштарын алып барат;

2) Жогорку Кеңештин жыйналыштарында каралуучу маселелерди даярдоого жалпы жетекчилик кылат;

3) Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган актыларга кол коет;

4) Кыргыз Республикасында жана андан тышкары жерлерде Жогорку Кеңештин атынан чыгат, Жогорку Кеңештин, Элдик Курултай, Президент, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары, сот бийлигинин органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара иш аракеттерин камсыз кылат;

5) Жогорку Кеңештин аппаратынын ишине жалпы жетекчиликти жана контролдукту жүзөгө ашырат;

6) Жогорку Кеңештин ишин уюштуруу боюнча Жогорку Кеңештин Регламентинде каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

  1. Жогорку Кеңештин Төрагасы жашыруун добуш берүү аркылуу Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен шайланат.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Жогорку Кеңешке ар жыл сайын отчет берет.

Жогорку Кеңештин Тѳрагасы депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынган Жогорку Кеңештин чечими боюнча кайра чакыртып алынышы мүмкүн.

 

82-берене

  1. Жогорку Кеңеш өз депутаттарынын ичинен комитеттерди, ошондой эле убактылуу комиссияларды уюштурат; алардын курамын түзөт.
  2. Жогорку Кеңештин комитеттери Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына кирген маселелерди даярдоону жана алдын ала кароону жүзөгө ашырат, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдарды жана чечимдерди турмушка ашырууга контролдук кылат.
  3. Мыйзамдар, Жогорку Кеңештин ченемдик укуктук актылары Жогорку Кеңештин тийиштүү комитеттери тарабынан алардын долбоорлору алдын ала каралгандан кийин кабыл алынат.
  4. Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына ылайык келген мамлекеттик органдардын жетекчилерин кызматка дайындоо жана бошотуу тиешелүү комитеттердин корутундусунун негизинде Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилет.

 

83-берене

  1. Жогорку Кеңештин сессиялары жыйналыш түрүндө өтөт жана сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тартып келерки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин жүргүзүлөт.
  2. Эгерде каралып жаткан маселелердин мазмуну жабык жыйналыш өткөрүүнү талап кылбаса, Жогорку Кеңештин жыйналышы ачык жүргүзүлөт.
  3. Жогорку Кеңештин кезексиз сессиялары Президенттин, Жогорку Кеңештин Төрагасынын жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын кеминде үчтөн биринин сунушу боюнча чакырылат.
  4. Жогорку Кеңештин жыйналыштары ага Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү катышса укуктуу болот.
  5. Жогорку Кеңештин чечимдери жыйналыштарда депутаттардын жеке өзүнүн добуш берүүсү менен кабыл алынат.

 

84-берене

  1. Жогорку Кеңеш өзүн өзү таркатуу жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн. Өзүн өзү таркатуу жөнүндө чечим Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси менен үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат.
  2. Президент Жогорку Кеңеш таркаткатылган күндөн тартып беш күндүн ичинде мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт.

 

85-берене

Мыйзам чыгаруу демилгесин сунуштоо укугу төмөнкүлөргө таандык:

1) 10 миң шайлоочуга (элдик демилге);

2) Президентке;

3) Жогорку Кеңештин депутаттарына;

4) Министрлер Кабинетинин Тѳрагасына;

4) өзүнүн тиешелүү маселелери боюнча  Жогорку сотко;

5) Элдик курултайга;

7) өзүнүн тиешелүү маселелери боюнча Башкы прокурорго.

 

86-берене

  1. Мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңешке киргизилет.
  2. Президент жана Министрлер Кабинетинин Төрагасы тарабынан кечиктирилгис катары аныкталган мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңеш тарабынан кезексиз каралат.
  3. Мамлекеттик бюджеттин эсебинен каржылануучу чыгымдарды көбөйтүүнү караган мыйзам долбоорлору Министрлер Кабинети тарабынан каржылоо булагы аныкталгандан кийин Жогорку Кеңеш кабыл алат.
  4. Мыйзамдар Жогорку Кеңеш тарабынан үч окууда кабыл алынат.

Мыйзамдар, Жогорку Кеңештин чечимдери, эгерде Конституцияда башкача каралбаса, депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгү менен кабыл алынат.

  1. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик чек араны өзгөртүү жөнүндө мыйзамдар Жогорку Кеңеш тарабынан үчтөн кем эмес окууда Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат.

 

87-берене

  1. Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзам 14 жумушчу күндүн ичинде кол коюу үчүн Президентке жиберилет.
  2. Президент мыйзамды алган күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен ага кол коет же өзүнүн каршы пикирлери менен Жогорку Кеңешке кайра кароого кайтарат.
  3. Эгерде кайтарылган мыйзам кайра каралганда, Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен мурда кабыл алынган редакциясында жактырылса, мындай мыйзамга келип түшкөн күндөн тартып 14 жумушчу күндүн ичинде Президент кол коюуга тийиш.

 

88-берене

Эгерде мыйзамдын өзүндө же аны колдонууга киргизүүнүн тартиби жөнүндө мыйзамда башка мөөнөт каралбаса, мыйзам расмий басма сөз органында расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

III ГЛАВА

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТКАРУУ БИЙЛИГИ

 

89-берене

  1. Кыргыз Республикасында аткаруу бийлигин Президент ишке ашырат.
  2. Министрлер Кабинетинин түзүмүн жана курамын Президент аныктайт.

Министрлер Кабинетинин Торагасы — Президенттин администрация башчысы.

  1. Президент аткаруу бийлигинин ишмердүүлүгүн жетектейт, Министрлер Кабинетинин жана ага баш ийген органдарга тапшырмаларды берет, өзүнүн тапшырмаларынын аткарылышын көзөмөлдөйт, Министрлер Кабинетинин жана ага баш ийген органдардын актыларын жокко чыгарат, конституциялык мыйзамдын негизинде Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн кызматынан убактылуу четтетет.
  2. Президент Министрлер Кабинетинин жыйналыштарында төрагалык кылат.
  3. Президент Министрлер Кабинетинин жана аткаруу бийлигинин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктарына жеке жооп берет.
  4. Эгерде республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндөгү отчетко Жогорку Кенеш тарабынан канааттандырарлык эмес деген баа берилсе, Президент Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүнүн жоопкерчилигин карайт.

 

90-берене

  1. Министрлер Кабинети Төрагадан, төраганын орун басарларынан жана Министрлер Кабинетинин башка мүчөлөрүнөн турат.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы,  анын орун басарлары жана  Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү Жогорку Кеңештин макулдугу менен Президент тарабынан дайындалат.

  1. Конституцияга, конституциялык мыйзамга жана Президенттин жарлыктарына ылайык Министрлер Кабинетинин Төрагасы Министрлер Кабинетинин ишмердүүлүгүн уюштурат.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы   Министрлер Кабинетинин ишмердүлүүгү үчүн Президенттин алдында жоопкерчиликтүү.

 

91-берене

  1. Министрлер Кабинети:

1) Конституциянын жана мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылат;

2) мамлекеттин негизги багыттары боюнча ички жана тышкы саясатын ишке ашырат;

3) мыйзамдуулукту, жарандардын эркиндиктерин жана укуктарын камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча чараларды жүзөгө ашырат;

4) мамлекеттин эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн коргоо, конституциялык түзүлүштү сактоо, ошондой эле коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо, улуттук коопсуздукту жана укук тартибин бекемдөө боюнча чараларды ишке ашырууну камсыз кылат;

5) финансы, баа, тариф, инвестиция жана салык саясатын жүргүзүүнү камсыз кылат;

6) республикалык бюджетти иштеп чыгат жана анын аткарылышын камсыз кылат;

7) менчиктин бардык түрлөрүн өнүктүрүүнүн жана аларды коргоонун бирдей шарттарын камсыз кылуу, мамлекеттик менчик объекттерин башкаруу боюнча чараларды ишке ашырат;

8) социалдык-экономикалык жана маданий чөйрөдө мамлекеттик бирдиктүү саясатты жүргүзүүнү камсыз кылат;

9) экономикалык, социалдык, илимий-технологиялык, руханий жана маданий өнүктүрүүнүн жалпы мамлекеттик программаларын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;

10) тышкы экономикалык иштерди жүргүзүүнү камсыз кылат;

11) жарандык коом менен натыйжалуу иштешүүнү камсыз кылат;

12) Конституция жана мыйзамдар аркылуу өзүнө берилген башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.

  1. Министрлер Кабинетинин ишин уюштуруу жана анын тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

 

92-берене

  1. Президент өз демилгеси менен Министрлер Кабинетинин учурдагы курамын же мучосун кызматтан кетирүүгө укуктуу.

2.Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү отставкага кетүү жөнүндө өтүнүч берүүгө укуктуу. Отставка Президент тарабынан кабыл алынат же четке кагылат.

Министрлер Кабинетинин Тѳрагасынын отставкага кетүүсү жалпы Министрлер Кабинетинин отставкасына алып келбейт.

  1. Жаңы Министрлер Кабинетинин курамы дайындалганга чейин мурдагы Министрлер Кабинетинин курамы өздөрүнүн милдеттерин аткарууну улантышат.
  2. Кыргыз Республикасынын жаңы шайланган Президентинин кызматка киришүүсү Министрлер Кабинетинин баардык курамынын ыйгарым укуктарын токтотот.

 

93-берене

  1. Тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин аймагында аткаруу бийлигин жергиликтүү мамлекеттик администрация ишке ашырат.
  2. Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларды уюштуруу жана алардын иштеши мыйзам менен аныкталат.
  3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар Конституциянын, мыйзамдардын, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларынын негизинде иштейт.
  4. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын өз компетенциясынын чегинде кабыл алынган чечимдери тийиштүү аймакта милдеттүү түрдө аткарылат.

 

IV ГЛАВА

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН СОТ БИЙЛИГИ

 

94-берене

  1. Кыргыз Республикасында сот адилеттигин сот гана ишке ашырат.

Мыйзамда каралган учурларда жана тартипте Кыргыз Республикасынын жарандары сот адилеттигин ишке ашырууга катышууга укуктуу.

  1. Сот бийлиги конституциялык, жарандык, жазыктык, административдик жана башка мыйзамда каралган сот өндүрүшүнүн формалары аркылуу жүзөгө ашырылат.
  2. Кыргыз Республикасынын сот системасы Конституция жана мыйзамдар менен аныкталат, ал Конституциялык соттон, Жогорку соттон жана жергиликтүү соттордон турат.

Мыйзам менен адистештирилген соттор түзүлүшү мүмкүн.

Атайын өзгөчө сотторду түзүүгө жол берилбейт.

  1. Соттордун ишин уюштуруу жана алардын тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

95-берене

  1. Судьялар көз карандысыз, алар Конституцияга жана мыйзамдарга гана баш ийет.
  2. Судья кол тийбестик укугуна ээ жана кылмыш үстүндө тутулгандан тышкары учурларда кармалууга же камакка алынууга, тинтилүүгө же жеке текшерилүүгө жол берилбейт.
  3. Конкреттүү бир иши боюнча судьядан отчет талап кылууга эч кимдин укугу жок.

Сот адилеттигин жүзөгө ашыруу боюнча ар кандай кийлигишүүлөргө тыюу салынат. Судьяга таасир көрсөтүүгө күнөөлүү адамдар мыйзамда каралгандай жоопкерчилик тартышат.

  1. Судья өзүнүн статусуна ылайык көз карандысыздыгынын социалдык, материалдык жана башка кепилдиктери менен камсыз кылынат.
  2. Курагы 40 жаштан кем эмес жана 70 жаштан жогору эмес, юридикалык жогорку билими жана юридикалык кесиби боюнча 15 жылдан кем эмес иш стажысы бар Кыргыз Республикасынын жараны Конституциялык соттун судьясы боло алат.

Курагы 40 жаштан кем эмес жана 70 жаштан жогору эмес, юридикалык жогорку билими жана юридикалык кесиби боюнча 15 жылдан кем эмес , анын ичинде судьялык кызматта 5 жылдан кем эмес иш стажысы бар Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку соттун судьясы боло алат.

  1. Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьялары жаш курагынын чегине жеткенге чейин шайланат.
  2. Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьяларынын арасынан Президент Соттор кенешинин сунушу боюнча Жогорку Кеңештин макулдугу менен Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагасын беш жылдык мөөнөткө дайындайт.

Конституциялык соттун жана Жогорку соттун төрагаларынын сунушу боюнча Президент алардын орун басарларын 5 жылдык мөөнөткө дайындайт;

  1. Курагы 30 жашка толгон жана 65 жаштан жогору эмес, юридикалык жогорку билими жана юридикалык кесиби боюнча 5 жылдан кем эмес иш стажысы бар Кыргыз Республикасынын жараны жергиликтүү соттун судьясы боло алат.

Жергиликтүү соттордун судьялары Сот адилеттигинин иштери боюнча кеңештин сунушу менен Президент тарабынан биринчи ирет 5 жылдык мөөнөткө, андан кийин курагынын чегине жеткенге чейин дайындалат. Жергиликтүү соттордун судьяларын сунуштоонун жана дайындоонун тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

Жергиликтүү соттордун судьяларынын арасынан Жогорку соттун төрагасы жергиликтүү соттордун төрагасын жана алардын орун басарларын 5 жылдык мөөнөткө дайындайт.

  1. Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу конституциялык мыйзам менен аныкталат, анда судьялардын кызмат ордуна талапкерлерге кошумча талаптар жана Конституциялык соттун, Жогорку соттун жана жергиликтүү соттордун судьяларына белгилүү бир чектөөлөр белгиленет.

 

96-берене

  1. Кыргыз Республикасынын баардык сотторунун судьялары жүрүм-туруму кынтыксыз болуп турганда кызмат орундарын ээлеп турат жана өз ыйгарым укуктарын сактап калат. Судьялардын жүрүм-турумунун кынтыксыздыгынын талаптарын бузуу конституциялык мыйзам менен аныкталган тартипте судьяларды жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болот.
  2. Жергиликтүү соттордун судьялары кынтыксыз жүрүм-турум талаптарын бузган учурда, Судьялар кеңешинин сунушу боюнча конституциялык мыйзамга ылайык кызмат ордунан бошотулат.

Конституцияда көрсөтүлгөн учурлардан тышкары, аталган негиздер боюнча Конституциялык соттун жана Жогорку соттун судьялары ээлеген кызмат орундарынан Президенттин сунуштамасы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен Жогорку Кеңеш тарабынан мөөнөтүнөн мурда бошотулат.

Конституцияда көрсөтүлгөн учурларда жергиликтүү соттордун судьяларын Соттор кенешинин сунушу боюнча Президент кызматтан бошотот.

Кынтыксыз жүрүм-турум талаптарын бузгандыгына байланыштуу судьялык кызмат орундан бошотулган адам андан ары мыйзамда белгиленген судьялык жана укук коргоо органдарындагы кызматтарды ээлөө укугуна ээ болбойт жана судьялар үчүн белгиленген жеңилдиктерди пайдалануу укугунан ажыратылат.

  1. Судьянын ыйгарым укуктары Судьялар кеңешинин сунушу боюнча аны дайындаган орган тарабынан төмөндөгү негиздер пайда болгон күндөн баштап конституциялык мыйзамга ылайык мөөнөтүнөн мурда токтотулат:

— судья каза болгондо;

— жаш курагынын чегине жеткенде;

— өз ыктыяры менен отставкага кеткенде же башка ишке өткөндө;

— аны каза болгон же дайынсыз жок деп жарыялаганда;

-иш аракетине жөндөмсүз деп таанылганда;

— жарандыктан чыкканда же болбосо башка мамлекеттин жарандыгын алганда, кынтыксыз жүрүм-турум талаптарын бузуу менен байланышпаган башка учурларда.

  1. Судьяларды соттук тартипте кызматынан убактылуу четтетүүгө, жазык жана башка жоопкерчиликке тартууга Судьялар кеңешинин макулдугу менен конституциялык мыйзамда аныкталган тартипте жол берилет.
  2. Жергиликтүү соттордун судьяларынын кызмат ордуна талапкерлерди тандоону конституциялык мыйзамда аныкталган тартипте Сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши жүзөгө ашырат.
  3. Жергиликтүү соттордун судьясын которууну (ротация) Президент конституциялык мыйзамда аныкталган тартипте жана учурларда Жогорку соттун Төрагасынын сунуштамасы боюнча жүзөгө ашырат.
  4. Сот адилеттиги иштери боюнча Кеңештин курамынын үчтөн экисинен кем эмеси судьялардан, үчтөн бири Президенттин, Жогорку Кеңештин, Элдик Курултайдын жана юридикалык коомчулуктун өкүлдөрүнөн түзүлөт.
  5. Сот адилеттигинин иштери боюнча кеңешти уюштуруу, анын иши, ыйгарым укуктары жана аны түзүүнүн тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

 

97-берене

  1. Конституциялык сот конституциялык түзүлүштүн негиздерин, адамдын жана жарандын негизги укуктары менен эркиндиктерин коргоо, Конституциянын үстөмдүгүн жана түздөн-түз иш-аракетин камсыз кылуу максатында конституциялык өндүрүш аркылуу конституциялык көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу сот бийлигинин жогорку органы.
  2. Конституциялык сот:

1) Конституцияны расмий чечмелеп берет;

2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын Конституцияга ылайык келүүсү тууралуу иштерди чечет;

3) Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, күчүнө кирбеген эл аралык келишимдердин конституциялуулугу тууралуу корутунду берет;

4) мамлекеттик бийлик бутактарынын ортосундагы компетенция тууралуу талаштарды чечет;

5) Конституцияны өзгөртүү жана толуктоо жөнүндө мыйзам долбооруна корутунду берет;

6) Президентке каршы айып коюунун белгиленген тартибинин сакталгандыгы жөнүндө корутунду берет.

  1. Ар бир адам Конституция тарабынан таанылган укуктар жана эркиндиктер бузулуп жатат деп эсептесе, алар мыйзамдын жана башка ченемдик укук актыларынын конституциялуулугун талашууга укуктуу.
  2. Конституциялык соттун чечими акыркы болуп эсептелет жана даттанууга жатпайт.
  3. Конституциялык сот тарабынан мыйзамдардын же алардын жоболорунун конституциялык эмес деп белгилениши алардын Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулушун жокко чыгарат, ошондой эле сот чечимдерин кошпогондо, конституциялык эмес деп таанылган мыйзамдарга же алардын жоболоруна негизделген башка ченемдик укуктук актылардын колдонулушу да жокко чыгарылат.

Конституциялык сот тарабынан мыйзам алдындагы актылардын же алардын бөлүктөрүнүн конституциялык эмес деп табылышы алардын Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулушун жокко чыгарат.

  1. Конституциялык эмес деп таанылган мыйзамдардын ченемдерине негизделген сот чечимдери ар бир конкреттүү учурда укуктарына жана эркиндиктерине шек келтирилген жарандардын даттануулары боюнча сот тарабынан кайра каралат.
  2. Конституциялык соттун курамы жана түзүү тартиби, ошондой эле конституциялык сот өндүрүшүн жүзөгө ашыруу тартиби конституциялык мыйзам менен аныкталат.

 

98-берене

  1. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту – сот бийлигинин эң жогорку органы.
  2. Жогорку сот жарандык, жазык, экономикалык, административдик жана башка иштери боюнча, сот процессине катышуучулардын кайрылуулары боюнча мыйзамда аныкталган тартипте соттук чечимдерди кайра кароону жүзөгө ашырат.
  3. Жогорку соттун пленуму сот практикасынын маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын баардык соттору жана судьялары үчүн милдеттүү болгон түшүндүрмөлөрдү берет.
  4. Жогорку соттун чечимдери акыркы болуп эсептелет жана даттанууга жатпайт.

 

99-берене

  1. Мамлекет соттордун иштеп турушу жана судьялардын иши үчүн каржылоону жана тиешелүү шарттарды камсыз кылат.

Сотторду каржылоо республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт жана сот адилеттигин толук жана көз карандысыз жүзөгө ашыруу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.

  1. Сот системасынын бюджети сот бийлиги тарабынан өз алдынча түзүлөт жана республикалык бюджетке киргизилет.

 

100-берене

  1. Иштерди териштирүү баардык соттордо ачык жүргүзүлөт. Ишти жабык жыйналышта жүргүзүүгө мыйзамда каралган учурларда гана жол берилет. Соттун чечими ачык жарыяланат.
  2. Мыйзамда каралган учурдан тышкары иштерди соттордо сырттан териштирүүгө жол берилбейт.
  3. Сот өндүрүшү тараптардын тең укуктуулугунун жана атаандаштыгынын негизинде жүзөгө ашырылат.
  4. Сот чечимин жокко чыгаруу, өзгөртүү же токтото туруу сот тарабынан мыйзамда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
  5. Сот процессинин катышуучуларынын процесстик укуктары, ошондой эле соттордун чечимдери менен укуктарына жана кызыкчылыктарына тиешеси бар жактардын укуктары, анын ичинде чечимдерге, өкүмдөргө даттануу укугу, ошондой эле аларды жүзөгө ашыруунун тартиби мыйзам менен аныкталат.

 

101-берене

  1. Кыргыз Республикасынын сотторунун мыйзамдуу күчүнө кирген чечимдери баардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, юридикалык жактар, коомдук бирикмелер, кызмат адамдары жана жеке адамдар үчүн милдеттүү болот жана республиканын бүткүл аймагында аткарылууга тийиш.
  2. Сот өзү кабыл алган сот чечимдеринин жана жай аныктамаларынын аткарылышын көзөмөлдөйт.
  3. Сот чечимдерин аткарбоо, талаптагыдай эмес аткаруу же болбосо аларды аткарууга тоскоолдук кылуу мыйзам менен белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

 

102-берене

  1. Сот Конституцияга каршы келген ченемдик укуктук актыны колдонууга укуксуз.
  2. Эгерде ар кандай сот инстанциясында ишти кароодо иштин чечилиши көз каранды болгон мыйзамдын же башка ченемдик укуктук актынын конституциялуулугу жөнүндө маселе келип чыкса, анда сот Конституциялык сотко суроо-талапты жиберет.

 

103-берене

  1. Соттордун ички иштеринин маселелерин чечүү үчүн соттук өз алдынча башкаруу иштейт.
  2. Кыргыз Республикасында судьялардын съезди, Судьялар кеңеши жана судьялардын чогулушу соттук өз алдынча башкаруу органдары болуп саналат.

Судьялардын съезди соттук өз алдынча башкаруунун жогорку органы болуп эсептелет.

Судьялар кеңеши судьялардын съездеринин ортосунда иштеген жана судьялардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону ишке ашырган,судьяларды тартип жоопкерчилигине тарттуу жөнүндөгү маселелерди караган, соттордун бюджетинин түзүлүшүн жана аткарылышын көзөмөлдөгөн, судьяларды окутууну жана квалификациясын жогорулатууну уюштурган соттук өз алдынча башкаруунун шайлануучу органы болуп саналат.

Судьялардын чогулушу соттук өз алдынча башкаруунун баштапкы органы болот.

  1. Соттук өз алдынча башкаруу органдарын уюштуруу жана алардын иштөө тартиби мыйзам менен аныкталат.

 

104-берене

Мыйзамда каралган учурларда, ошондой эле соттук териштирүүгө катышкан жактар аны жүргүзүү үчүн жетиштүү каражатынын жок экендигин далилдеген учурда сот адилеттиги акысыз жүргүзүлөт.

 

V ГЛАВА

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН АТАЙЫН СТАТУСУ БАР МАМЛЕКЕТТИК БИЙЛИК ОРГАНДАРЫ

 

105-берене

Кыргыз Республикасынын прокуратурасы мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын так жана бирдей аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.

Прокуратура органдары кылмыш куугунтуктоосун жүзөгө ашырат, соттук териштирүүгө катышат, соттук чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөйт жана конституциялык мыйзамда каралган башка ыйгарым укуктарды аткарат.

 

106-берене

Улуттук банк Кыргыз Республикасынын банк системасын көзөмөлдөйт, Кыргыз Республикасындагы акча-насыя саясатын аныктайт жана жүргүзөт, бирдиктүү валюта саясатын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат, акча белгилеринин эмиссиясын жүргүзүүдө өзгөчө укукка ээ, банктык каржылоонун ар түрдүү түрлөрүн жана принциптерин ишке ашырат.

 

107-берене

Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча Борбордук комиссия Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды даярдоону жана өткөрүүнү камсыз кылат.

 

108-берене

Эсептөө палатасы республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин аткарылышына, бюджеттен тышкаркы каражаттарга, мамлекеттик жана муниципалдык менчиктин пайдаланылышына аудит жүргүзөт.

 

109-берене

Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына парламенттик контролду Акыйкатчы (Омбудсмен) жүргүзөт.

 

110-берене

Ушул бөлүмдө көрсөтүлгөн мамлекеттик органдардын уюштурулушу жана иштөө тартиби, ошондой эле алардын көз карандысыздыгынын кепилдиктери конституциялык мыйзамдар менен аныкталат.

 

ТӨРТҮНЧҮ БӨЛҮМ

ЖЕРГИЛИКТҮҮ ӨЗ АЛДЫНЧА БАШКАРУУ

 

111-берене

  1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу – жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарына жараша жана жоопкерчилик менен өз алдынча чечүүсүнүн Конституция менен кепилденген укугу жана чыныгы мүмкүнчүлүгү.
  2. Кыргыз Республикасында жергиликтүү өз алдынча башкаруу тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин чегинде жергиликтүү жамааттар тарабынан жүзөгө ашырылат.
  3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жарандардын жергиликтүү жамааттары тарабынан түздөн-түз же жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары аркылуу жүзөгө ашырылат.
  4. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну каржылоо тийиштүү жергиликтүү бюджеттен, ошондой эле республикалык бюджеттен камсыз кылынат.
  5. Мамлекет жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү бюджеттерин түзүү жана аткаруу маселелериндеги өз алдынчалыгын кепилдейт.

Жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу ачык-айкындыктын, коомчулуктун катышуусунун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү жамааттын алдындагы отчеттуулугунун принциптерин сактоо менен жүргүзүлөт.

 

112-берене

  1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өкүлчүлүктүү органдардан жана аткаруу органдарынан турат.
  2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары жана алардын жетекчилери өз иштеринде өкүлчүлүктүү органдарга отчет беришет.

 

113-берене

  1. Жергиликтүү кеңештердин депутаттары тийиштүү административдик-аймактык бирдикте жашаган жарандар тарабынан бирдей мүмкүнчүлүктөрдү сактоо менен мыйзамда белгиленген тартипте шайланат.
  2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ыйгарым укуктары жана ишмердүүлүгүн уюштуруу мыйзамда белгиленген тартипте аныкталат.
  3. Жергиликтүү кеңештер мыйзамга ылайык:

1) жергиликтүү бюджеттерди бекитет, алардын аткарылышын көзөмөлдөйт;

2) жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүгүү жана калкты социалдык коргоо программаларын бекитет;

3) мыйзамдарда каралган учурларда жергиликтүү маанидеги башка маселелерди чечет.

 

114-берене

  1. Мамлекеттик органдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарына мыйзамда каралган учурлардан тышкары кийилигишүүгө укуксуз.
  2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарым укуктар аларды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон материалдык, финансылык жана башка каражаттарды өткөрүп берүү менен ыйгарылышы мүмкүн. Мамлекеттик ыйгарым укуктар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мыйзамдын жана башка ченемдик укуктук актылардын негизинде берилиши мүмкүн. Өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик органдарга отчет беришет.
  3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекет жана анын органдарынын алдында мыйзамдардын аткарылышы үчүн, жергиликтүү жамааттын алдында өз ишинин натыйжасы үчүн жоопкерчиликтүү болушат.
  4. Жергиликтүү бюджеттин мамлекеттик органдардын чечиминен келип чыккан кошумча чыгымдарынын ордун толтурууда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына соттук кепилдик берилет.

 

115-берене

  1. Кыргыз Республикасында жарандар аксакалдар сотторун уюштурууга укуктуу.
  2. Аксакалдар соттору мыйзамда каралган ыйгарым укуктарынын негизинде тараптарды жараштыруу жана мыйзамдарга каршы келбей турган адилет чечимдерди чыгаруу максатында иштерди алып барат.
  3. Аксакалдар сотторунун чечимдери мыйзамдарда белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
  4. Аксакалдар сотунун ишмердүүлүгү жергиликтүү бюджеттен каржыланат.
  5. Аксакалдар сотторун тузуү, алардын ыйгарым укуктары жана ишмердүүлүк тартиби мыйзам менен аныкталат.

 

БЕШИНЧИ БӨЛҮМ

КОНСТИТУЦИЯНЫ КАБЫЛ АЛУУНУН, ӨЗГӨРТҮҮЛӨРДҮ ЖАНА ТОЛУКТООЛОРДУ КИРГИЗҮҮНҮН ТАРТИБИ

 

116-берене

  1. Конституция 300 миңден кем эмес шайлоочулардын, же Президенттин, же Жогорку Кенештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин демилгеси менен Президент тарабынан дайындалган референдумда кабыл алынышы мүмкүн.
  2. Конституциянын биринчи, экинчи, бешинчи бөлүмдөрүндөгү жоболорго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү 300 миңден кем эмес шайлоочулардын, же Президенттин, же Жогорку Кенештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин демилгеси менен Президент тарабынан дайындалган референдумда кабыл алынышы мүмкүн.
  3. Конституциянын үчүнчү, төртүнчү бөлүмдөрүндөгү жоболорго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү Президенттин же Жогорку Кенештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин демилгеси менен Жогорку Кенеш тарабынан кабыл алынат.

Жогорку Кеңеш Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилген күндөн тартып 6 айдан кечиктирбестен кабыл алат.

Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан окуулардын ортосунда 2 айлык аралык менен кеминде үч окуу өткөрүлгөндөн кийин Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

  1. Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү үчүн корутунду берет.
  2. Өзгөчө жана согуш абалынын учурунда Конституцияны кабыл алуу жана Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү мыйзамды кабыл алууга тыюу салынат.
  3. Конституцияны кабыл алуу жана конституцияга өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүүнүн тартиби жөнүндөгү мыйзамга Президент кол койот.
  4. Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор Конституциянын жаңы редакциясы болушу мүмкүн.

 

2-берене

  1. Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамдын редакциясында берилген Конституциясына Кыргыз Республикасынын Президенти кол коет.
  2. Кыргыз Республикасынын ушул Мыйзамдын редакциясында берилген Конституциясы күчүнө киргенге чейин Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуп жаткан мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар аталган Конституцияга карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулат.
  3. Конституциянын 44-беренесинин 2-бөлүмү ушул Мыйзамдын редакциясында 2023-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

 

3-берене

  1. 2021- жылы шайланган Кыргыз Республикасынын Президенти Конституцияга ылайык ыйгарым укуктарын алты жылга жүргүзөт. Алты жылга шайланган Президенттин мөөнөтү ушул Конституцияга ылайык шайлоонун биринчи мөөнөтү деп эсептелет.
  2. Ушул Конституцияга ылайык шайлануучу органдар шайланганга жана бардык деңгээлдеги кызмат адамдары дайындалганга чейин мамлекеттик органдар жана алардын мурда иштеп жаткан кызмат адамдары өздөрүнүн ыйгарым укуктарын алар шайланганга, түзүлгөнгө же дайындалганга чейин аткарууну улантат.
  3. Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо ушул Конституцияга ылайык өткөрүлөт.

 

4-берене

Ушул мыйзамдын редакциясында берилген Конституция күчүнө киргенге байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү отставкага кетти деп эсептелет. Министрлер Кабинетинин курамы ушул мыйзамдын редакциясында берилген Конституцияга ылайык түзүлгөнгө чейин Президент Министрлер Кабинетинин курамын убактылуу түзөт жана аткаруу бийлик органдарынын жетекчилерин дайындайт.

 

5-берене

  1. Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын азыркы судьялары Конституциялык Соттун судьялары болуп таанылат жана алар шайланган баардык мөөнөттөрүнө чейин өздөрүнүн ыйгарым укуктарын сактап калат.
  2. Жогорку соттун судьялары алар шайланган бардык мөөнөткө чейин өздөрүнүн ыйгарым укуктарын сактап калат.
  3. Жогорку соттун Конституциялык палатасынын төрагасы жана анын орун басарлары, Жогорку соттун төрагасы жана анын орун басарлары өздөрүнүн ыйгарым укуктарын шайланган же бекитилген мөөнөтүнө чейин сактап калат.
  4. Жергиликтүү соттордун иштеп жаткан судьялары алар дайындалган баардык мөөнөткө чейин өздөрүнүн ыйгарым укуктарын сактап калат.

 

 6-берене

Сотторду тандоо кенеши өзүнүн функциясын  мыйзамдын негизинде Сот адилетигинин иштери боюнча кенеш  түзүлгөнгө чейин аткарат.

7-берене

  1. Мыйзам жана ушул мыйзамдын редакциясында берилген Конституция расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
  2. Ушул Мыйзам жана Конституция күчүнө кирген күндөн баштап төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

– 2010-жылдын 27-июнунда референдумда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясы;

– 2010-жылдын 27-июнунда референдумда кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

– “Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын  28-декабрындагы № 218 Мыйзамы.

  1. 5-май көз карандысыз жана эгемендүү Кыргызстандын биринчи Конституциясы кабыл алынган салтанаттуу күнү деп сакталсын.

8-берене

Жогорку Кеңеш жана Министрлер Кабинети кечиктирилгис чаралар катары алты айлык мөөнөттө колдонуудагы мыйзамдарды ушул Мыйзамдын редакциясында берилген Конституцияга ылайык келтирсин.

 

Конституциялык кенешменин Төрагасы                                                                      Бөрубашов Б.И.

                                                                                                                                 27.01.2021-ж.

Булак: Шилтеме >>> http://kenesh.kg/ky/article/show/7324/na-obshtestvennoe-obsuzhdenie-s-17-noyabrya-2020-goda-vinositsya-proekt-zakona-kirgizskoy-respubliki-o-naznachenii-referenduma-vsenarodnogo-golosovaniya-po-proektu-zakona-kirgizskoy-respubliki-o-konstitutsii-kirgizskoy-respubliki

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button