Жумуштан  бакчага балама шашып, такси чакырттым.  Кашайып өзүмдүн машинам бузулуп, келинчегимдин да жумуштары чыгып калып баланы бүгүн мен ала турган болдум.

Чакырган такси бат эле келди.  Эшикти ачып эле,

-Ассалом алейкум, байке Пишпекке- дедим.

-Ва алейкум салам, шашпа балам, ашыкпа, буйрса жетебиз,- деген үндөн улам бурулуп эле карасам ак сакалчан ата экен. Чоочуп кеттим.

-Ааа, балам кайда шашып мынчалык,-деди.

— Балама… бакчага, кечигип жатам, жумуштан бир аз кармалып,-дедим.

-Ооба балам, шашып жүрүп өмүрдү өткөрөт экенбиз. Менде да балдарым бар,-деп оор үшкүрдү.

Бакчага жетип, баланы алган соң, такси менен үйгө келдик.  Акчаны төлөгөн соң, атаны үйгө кирип чай ичип кетиңиз деп чакырдым. Бир аз оңтойсуз болуп, көнбөй турду, суранып туруп алсам анан макул болду.

-Үй жайды жакшы бүттүрүп алыпсың-,деди.

Баш ийкеп, баланы чечинтип, чай койдум. Муздаткычта бар нерсени алып чыгып аксакалдын алдына жайнаттым. Экөөбүз чай ичтик.

-Көптөн бери таксидесизби?-деп сурадым.

— Ээ, балам таксиде эки жылдай болуп калды иштегениме. Ушул куракта курсакты сылап, небере  жыттап эле отурсам болмок. Күнөөнүн баары өзүмдө. Көп баскандын азабы? Бир эмес эки балам бар. Экөөсү тең турмушка тың. Биринчиси биринчи аялымдан, экинчиси бешинчи аялымдан, өзүм болсо  азыр үчүнчү аялым менен турам,-деди.

Мындай жооп күтпөгөн жаным карап эле калдым. Аксакал чайга малина кошуп жатып, тамагын түздөп сөз баштады.

— 24 жашта үйлөндүм. Жогорку айылдан эле алдым. Анын атасы каршы чыгып туруп алып, боюнда бар кезине алып кетип калган. Аябай ыза болдум. Бир чети экинчи үйлөнбөйм дедим. Өзүмдөн улуу эжем, ушинтип жүрө бермек белең, тамагыңды жасап, кир жууп жакаңды агарткан бирөө болушу керек деп, бир кыз менен тааныштырды. Башында баары эле жакшы башталды, бирок үч жыл жашап балалуу болбой ажыраштык. Андан кийин дагы бир келин менен таанышып калып аны менен бир жыл жашап ажыраштык.  Төшөк жаңыртып көнө түшүп, улам эле үйлөнүп жаттым. Бешинчи аялымды алганда боюна бүтүп балалуу болдук. Аны менен 5 жылдай жашап ажыраштык.  Андан кийин дагы үйлөндүм. Жалпы 7 жолу үйлөндүм. Айылда мени кеп кылышат. Ошого окшоп 7 аял аласыңбы дешип. Балдарымдын апалары балдарымды мени менен катыштырбайт. Эркекке деле кудай бак айтпаса кыйын экен. Мен деле 7 аял алам деп ойлогон эмес элем. Турмуш экен. Улам үйлөнгөн сайын ушул менен түбөлүк турмуш кечирсем деп тилейт элем.

Айла кеткенде бир көзү ачыкка бардым. Сени дубалатып салган аял турбайт сага деди.

Күндөрдүн биринде үчүнчү аялыма кезигип калдым. Ал да менден кийин бирөөгө турмушка чыгып, анысы кызыл камчы болуп ажырашып кетишиптир. Аны менен сүйлөшүп, жаштыгыбыз калбады, кел эки бакыр, бир тукур болуп күн кечирели, картайганда бири-бирибизге тирек бололу деп кайра элдештик. Эми балдарым мен кечирген тагдырды кечирбесе экен дейм. Азыр бекер отурбай ушинтип кыбырап күндүз бир аз такси кылам. Караңгы киргенде көзүм жакшы көрбөйт үйдө эс алам,-дейт.

Аксакалды угуп отуруп, чынында кейидим. Айрымдар жаман көрүшү мүмкүн аял ала берет деп. Бирок бул деле маңдайга жазганынан да.

Аңгыча келинчегим жумуштан келди. Бизди көрүп таң кала саламдашып  уктоочу бөлмөгө кирип кетти. Кийимин которуп чыгып, тамакка киришти. Аксакал тамакка карабай кетем деп туруп алды. Кеч кирсе көзүм жакшы көрбөйт үйгө жетип алайын деп. Бир аз таттуу, салат, чучук салып берип узаттым. —Келип туруңуз үйгө, — дедим.

-Макул балам, өмүрүңдөн береке тап,-деп батасын берип үйүнө кетти.

Келинчегим таң кала,

-Ким бул, тамак ичип кетсе болмок,-дейт.

-Аа, айылда ылдый жакта жашаган чоң ата,-деп койдум.

Ал түшүнбөй эле «ааа» деген бойдон кала берди.

                                                                               

 Автор  Жазгүл Баяналиева

Бул макала “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.