Саясат

«Сүлүктү шаарындагы Билим берүү тармагы саясатташып, мугалимдер жапырт шайлоого аттанды»

Мындай пикирин жарандык активист Талантбек Аалиевич социалдык тармактагы баракчасына жазды. Анын айтымында, Сүлүктүдө Билим берүү бөлүмүнүн башчысы баш болуп, орун басарлары жана директорлору төш болуп, бир айга, бир партия үчүн билим берүү тармагын таштап коюп, шайлоого чуркап жүрүшөт.

«Урматтуу Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиевич.

Менин сизге кайрылуумдун себеби төмөнкүчө. Сүлүктү шаарындагы Билим берүү тармагы аябай саясатташып кеттиптир. Мен бир нерсени түшүнбөдүм, бул тармактагы жетекчилердин жана мугалимдердин максаттары эмне өзү? Өздөрүнүн жумуштарын аткарып окуучуларга билим, тарбия берүүбү же депутат болуп саясатка аралашып жүрүүбү? Макул, бир экөөсү өзүмдү сынап аралашып көрөйүн деген жакшы ойлору болсо түшүнөт элек, бирок Билим берүү бөлүмүнүн башчысы баш болуп, орун басарлары жана директорлору төш болуп, бир айга, бир партия үчүн билим берүү тармагын таштап коюп, шайлоого чуркап жүрүшкөнү туурабы? Шайлоо өткүчө окуу процесси токтоп тура берсин дегендей кайдыгер мамиле кылып жатышабы? Анда окуучулардын моралдык укугу тебеленди болуп калбайбы? Президенттибиз Садыр Нургожоевич админ ресурс колдонулбасын, бир партия бийлике ээ болуп албасын деп өзүнүн Мекенчил партиясын шайлоого катыштырбай койду элего. Бирок бул жакта Билим берүү тармагынын жетекчилери Ыйман-Нуру партиясы менен ачык эле шайлоого катышып жатышканы, мугалимдерге кысым кылышып ушул партияга гана иштейсинер деп мажбурлап жатышканы админ ресурска кирбейби? Же бул Билим берүү министринин өзүнүн тапшырмасыбы? Көптөгөн суроолор жаралып жатат. Мамлекеттик кызматта иштегендер же өзүнүн кесибин так аткарсын же бир отоло жумуштан кетип саясат менен алек болушсунда. Төмөндө Ыйман-Нуру партиясынын тизмесин жарыялаймын. Жалаң жетекчилер жана мугалимдер экен. Урматтуу министр сизден ушул суроолорго жооп күтөм?»-деген.

Нет описания фото.

Нет описания фото.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button