Бүгүн, 19- мартта Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, Улуттук маданий борбордун башкы директору Жумкадыр Курмангалиев жана И. Раззаковдун туугандары эскерип, бейитине гул чамбар коюуп, куран окушту.

Исхак Раззаковдун басып өткөн жолу, жетекчилик кызматта аркалап жүргөн учуру азыркы кездеги мамлекеттик жетекчилер үчүн үлгү боло тургандыгы жана анын элеси, мамлекет үчүн жасап кеткен жумушу эч качан унутулбай тургандыгын министр айтып өттү.

Исхак Раззаков – мамлекеттик ишмер, совет доорунда Кыргызстандын саясат тарыхында өчпөс из калтырган.

Советтик жана партиялык ишмер Раззаков Исхак Раззакович 1910-жылы 25-октябрда Түркестандын Хожент уездинин Бокса-Исфана волосунун Көрөсөн айылында (азыркы Лейлек району, Ош областы) шахтердун үй-бүлөөсүндө туулган.

Бала чагы аябай оор турмушта өттүү. Үч жашында энесинен, беш жашында атасынан айрылып, чоочун адамдардын арасында жалгыз калган.

1925-жылга чейин Хоженттеги балдар үйүндө тарбияланган.

Исхак Раззаков кичинесинен эле аябай акыл-эстүү болгон. 1923-жылы Ташкенттеги Намун атындагы 2-чи баскычтагы интернат-мектебине которулган.

1925-жылдан 1929-жылга чейин Ташкент шаарындагы Өзбек агартуу институтунда (педтехникум) билим алып, 1929-1931-жж. Коом таануу боюнча мугалим болгон.

1931-жылы Кржижанов атындагы Москвадагы Мампландоо институтуна окууга жиберилген. Институтту экономист-пландоо адистиги боюнча аяктагап, отун ресурстарын рационалдуу пайдалануу темасы боюнча дипломун жактаган. Бүтүрүүчү ишинин теориялык тереңдиги менен практикалык маанилүүлүгүн мамлекеттик комиссия өзгөчө баалаган.

1936-1941-жж. — Өзбек ССРинин Мампланынын отун бөлүмүнүн башчысы, Ферган областынын облпланын төрагасы, Өзбек ССРинин Мампланынын төрагасы. Өзбекстандагы он жылдык эмгеги И. Раззаковдун сейрек учурай турган уюштуручулук жөндөмдүүлүгүн көрсөттүү. Улуу Ата Мекендик согушта жамааттын башын кошуп, элди башкаруу жөндөмүн көрсөтө алды. Жоро-жолдоштору менен тил табып, алардын көйгөйлөрүн чече билчү. Элдин кызыкчылыгы менен жашоо, алардын кызыкчылыктары менен өлкөнүн кызыкчылыгын баарынан жогору коюу сапаты жогорку мамлекеттик жана партиялык ишмердүүлүгүндө үлгү болгон.

1945-жылы, жаш курагына карабай, ЦК КПСС Политбюросунун чечими негизинде Исхак Раззаков Кыргызстандын Министрлер Кеңешинин төрагасы кызматына дайындалган.

Ал жетектеген жылдары (1950-1961-жж.) жаңы заводдор, фабрикалар, шахталар, электростанциялар, ирригациялык системалар, мектептер, турак үйлөр курулуп, ишке берилди. И. Раззаковдун жетекчилиги алдындагы элдин чымыркануу менен иштеген иши өзүнүн натыйжасын берди. Фрунзе атындагы айыл чарба машинелерин куруу заводу, жогорку тоолу Фрунзе-Ош автожолу курулду. 1946-1950-жж. эл чарбасынын 20 чоң өнөр-жай объектилери курулуп, ишке берилди. Алардын ичинен Лебединовка, Аламүдүн, Пржевал ГЭСтери, “Кыргызавтомаш” заводу, Оштогу электромеханикалык завод, бут кийимдер фабрикасы жана башкалар. ЧЧК курулуп бүттү, Орто-Токой суу сактагычы аркылуу үч миң гектар жаңы өздөштүрүлгөн жерлер сугарылып, миңдеген адамдар көчүрүлүп, жайгашышты.

И. Раззаковдун Ата-Мекенге кызмат кылуусу менен көпчүлүккө таанылып, улуттун сыймыгына арзыган. Ал илим жана жогорку билим берүүгө чоң маани берген. Эл чарбасынын бардык чөйрөсү үчүн квалификациялуу илимий кадрларды, ЖОЖдордун профессордук-окутуучулар курамын, квалификациялуу инженер жана жумушчу кадрларды дярдоого көнүл бүрган. Жаш мекендештер Москва, Ленинград жана СССРдин башка шаарларындагы илимий жана билим берүү борборлорго жиберилишкен.

Исхак Раззакович Кыргыз ССРинин илимдер Академиясын, мамлекеттик университетин, азыркы кезде анан атын алып жүргөн Фрунзедеги политехникалык институтун, областтык педагогикалык институттарын уюштуруу демилгесин көтөрүп чыккан.

Исхак Раззаков — Кыргызстандын улуу инсаны. Анын аты – мамлекеттик жана саясат ишмер, жалпыга таанылган улуттун лидери катары биздин мамлекетибиздин тарыхында алтын тамгалар менен жазылган.