Коом

Исфана-Бишкек, Жалал-Абад-Бишкек багыты боюнча күн сайын учак каттамдары коюлат

Кыргызстандын «Авиа Трафик» жана «Тез Жет» авиакомпаниялары өлкө ичиндеги каттамдарынын санын көбөйтмөкчү. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аба майданынын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, «Авиа Трафик» компаниясы Бишкек – Ош – Бишкек  багыты боюнча жумасына 7 жолу учууну пландаган.

Ал эми «Тез Жет» авиакомпаниясы:

Бишкек – Баткен – Бишкек багыты боюнча жумасына 4 жолу;

Бишкек – Жалал-Абад – Бишкек багыты боюнча жумасына 7 жолу;

Бишкек – Исфана – Бишкек багыты боюнча да жумасына 7 жолу;

Бишкек – Ош – Бишкек каттамы боюнча жумасына 25 жолу учууну пландаган.

Бирок маалыматта жогоруда айтылган ички каттамдар кайсы датадан баштап ишке ашары тууралуу так айтылган эмес.

 

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button