Саясат

Айбек Сатыбалдиев: “Биздин партия шаар жаштары боюнча атайын долбоорлорду ишке ашырат”

“Ак Бата” саясий партиясынан Бишкек шаардык кеңешине депутаттыкка талапкер Айбек Сатыбалдиев: “Биздин партия шаар жаштары боюнча атайын долбоорлорду ишке ашырат”

Айбек Сатыбалдиев 33 жашта. Убагында автостоп менен Москва, Минск, Варшава, Берлин, Мюнхен, Неаполь, Афины сыяктуу шаарларды кыдырып чыккан. Шаарлардан, жолдон көргөндөрүнө абдан таасирленип, Бишкек шаарын да жакшыртуу идеяларына шыктанып келген. 2009-жылы “САЛТ” аттуу жаштардын коомдук кыймылын түзгөн. Бул кыймыл Бишкектин Кожзавод районунда парк куруп, жасалгалашкан. 2010-жылдын 2015-жылга чейин Бишкекте жыл сайын өтүп келген “Street Fest” көчө фестивалын уюштуруп келген. 2012-14-жылдарда Айбек Сатыбалдиев “Жаңы Бишкекти өз колубуз менен” жаштар кыймылынын лидери катары шаарды жакшыртуу акцияларын, ишембиликтерди өткөрүп турган. 2012-14-жылдарда Boorsok.tv биринчи санарип каналынын түзүүчүлөрүнүн бири болгон.

2017-жылы таш менен иштөө боюнча чыгармачыл устакананы негиздеп иштеп келе жатат. Айбек 2014-жылы Мерседес Бенц 123 автомобилин сүйүүчүлөрүнүн “Крокодилдер гаражы” клубунун негиздөөчүлөрүнүн бири болгон. 2019-жылы “Краудлайкинг” автордук долбоорун негиздеп, анда Инстаграм социалдык тармагы аркылуу шаардыктар каражат жыйнап, Бишкек шаарын жакшыртууга салым кошуп келишет. Бул долбоор боюнча:

— Кожзавод районундагы балдар аянты жарыктандырылган;

— Ахунбаев-Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдамага пандус орнотулган;

— Көп балалуу үй-бүлөнүн үйүнүн эскирген чатырын алмаштырган;

— 6-кичирайондогу Жаңгак токоюна 10 скамейка коюлган;

— “Театральный” скверинде сынган пианинону алмаштырышкан;

— “Үмүт-Надежда” балдар реабилитациялык борборуна меш курууга демөөрчү табууга жардам берген.

Айбек Сатыбалдиев Бишкектин 125 жылдыгына карата “Бишкек шаарына өтөгөн мыкты кызматы үчүн” медалы менен сыйланган. Үй-бүлөлүү, эки баласы бар.

Айбек Сатыбалдиев:

  • Бишкек шаарында жаштарга ар түрдүү шарттарды түзүп бериш керек. Мисалы, роллердром, скейт, велосипед тебе турган жерлер жок. Шаардагы ар бир район үчүн жаштар борборун ачсак максатка ылайык болмок. Ошондой борборлордо жаштар чогулуп, идеяларын ортого салып, көп маселелерди каражаты жок эле чечүүгө болот. Мисалы, дем алыш күндөрү жаңы конуштардан атайын автобус маршруттарын ачып жаштарды Аламүдүн, Ала-Арча капчыгайына алып барып туруу зарыл.

Жаштар менен иштөөнүн дагы бир жолу, Бишкектеги автоклубдар менен иштөө: аларга имарат таап берип, шаардын чет жагында жарыш өткөрө турган атайын жайларды таап берүү талапка ылайык. Азыр автоклубдар элди уктатпай түнү менен шаардын жолдорунда жарыштарды өткөрүп жатышат. Аларга шаардыктарга тоскоол болбогудай шарт түзүп бериш керек.

Шаар жаштарынын маданияты да көңүл бурууну талап кылат. Бишкекте ар кандай туура субкультураларды популярдуу кылып иштеш керек, ошондо ар бир жаш адам өз субкультурасында туура тарбия алып, чоңойгондо туура жолго түшөт. “Ак Бата” партиясы шааркеңешинде шаар жаштары боюнча ушул жана башка долбоорлорду ишке ашырат.

Буйуртмачы: «Ак Бата» саясий партиясынын каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.А. Абдымажимов (каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүк No 38 22.22.2021-ж.). «Ак Бата» саясий партиясынын шайлоо фондунан төлөнөт.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button