Бул сыр менде, атамда анан карындашымдын арасында жашайт. Бирок, менин карындашым менен жолугуп жүргөнүмдү атам билбейт. Ал эми атам анын кызы тууралуу бизди эч нерсе билбейт деп жүрөт. 

Бул окуя,  эки досум үйгө келип, өткөн күндөрдү эстеп, мурда түшкөн сүрөттөрдү караган күндөн башталды.  Ал достор менен негизи күндө эле чогуу жүрөбуз. Бул ирет да үчөөбүз, биздин үйдө интернет карап, гитара черткен киши болуп, ар кайсыны айтып сүйлөшүп отурдук. Бир мезгилде, классташтар деген ватсаптагы группага бир классташ бала 7-класста түшкөн сүрөттү жүктөп калды. Аны көрүп, бири-бирибизд  шылдыңдап, анан биздин үйдө турган калың сүрөт салгычты барактап баштадык. Анын ичинде биздин 1-класстан баштап түшкөн сүрөттөр, атам менен апамдын тойлордон түшкөн сүрөттөрү  салынган. Ошол альбомду карап отуруп, капилеттен конверт таап алдым. Ичин ачсам бир сүрөт анан кат бар экен. Катта мындай жазылыптыр:

“Саламатсызбы ата, мен сизди акыры издеп таптым. Көпкө издедим. Сизди тапканда аябай кубандым. Балким сиз мен тууралуу унутуп деле калсаңыз керек. Себеби апам сизге мен тууралуу айтпаган экен. Мен азыр шаарга окууга келгем. Сизге жолугуп жакындан таанышсам дейм. Азыр менин 4 агам бар экенин билем. Ушунча жыл атасыз жашап келдим. Каршы болбоңуз, суранам жолугуп катышалы,”-деп, телефон номерин анан сүрөтүн салыптыр. Сүрөттөгү кыз ортончу инимдин эле өзү. Менин бул абалымды дос балдарым байкаган жок, алар, улам бир сүрөттү таап, группага салып жаткан. Катты акырын, өзүм жаткан дивандын астына катып койдум.

Түн бир оокум болгондо досторум үйлөрүнө кетишти. Менде уйку жок. Бөлмөмдү ичинен илип алып жанагы катты кайра-кайра окуп чыктым. Кызык, демек бизде карындашыбыз бар турбайбы? Балким бул адашкан бирөөбү? Атам эмнеге бул катты альбомдун ичине салды, балким апамды ушул жактан таап окуйт дедиби? Ар кандай ойлор курчап, акыры таң атканда чалып көрөм деп уктап калдым.

Эрте менен апам ойготту, “жумушуңа кечигесиң тур”,- деп. Апама эч нерсе айтпадым. Аядым. Жумушка барган соң, түш ченде  жанагы көрсөтүлгөн номерге чалдым. Узуун чакыруу кетти. Жүрөгүм дүкүлдөйт. Акыры назик үн  “Алло”  деди. Сүйлөй албай апкаарып көпкө турдум. Телефондогу үн качан гана “Кечиресиз  сизге ким керек?”  дегенде кыздын атын айтып сурасам, “Ооба мен” деди. Анын атасын мен таанырымды айтып,  окуудан чыккан соң жолугууга чакырдым. Макул болду. Кечинде, айткан жерге келсем, дал ошол сүрөттөгү кыз турат.  Экөөбүз  “Империя пиццага” кирип бурчка отурдук.  Ачууну ачуу басат деп “Чилиге”  буюртма бердим. Каршымдагы карындашым төкпөй чачпай баарын айтып берди.

Көрсө атам бир жылдары командировкага баргандагы махабатынын жемиши экен.  Мына кызык! Бул мен үчүн чоң жаңылык!

Карындашым менен жылуу коштошуп, азырынча эч кимге эч нерсе айтпа деп эскерттим.  Үйгө келип, атамды бир карайм, апама бир карайм. Алардын эч нерседен шеги жок күнүмдүк турмуш менен алек.

Акыры мен да эч кимге эч нерсе айтпайм деп чечтим. Ушунча жашка келгенде, апамды аядым, кандай кабылдайт, атам кандай абалда калат  деп.

Азыр карындашым менен жолугуп турам. Чынында кыз башкача болот турбайбы, «байке» деп аябай урматтайт. Кубанып калам ичим жылып. Азыр анча-мынча акча берип, жок нерсесин алып берип агалык милдетимди аткарып жатам. Чындык өзү мезгили келгенде калкып чыгар. Азырынча ушундай  болгону жакшыбы деп ойлойм…..

 

Автору  Жазгүл Баяналиева

Бул макала “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазуу жүзүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.