Садыр Жапаровдун акыркы жасап жаткан иштери көңүлгө толоорлук болуп жатат. Бүгүн да Баткенге келип бир топ сөз сүйлөдү.  Жаңыдан такка келгенде элден бир аз күтө тургула деп убакыт сураган. Сөзүндө турган жигит экен.

Кечээ, Ош окуясы боюнча иш козгоого буйрук берди. Эми Дача-Су иликтенсе эски эки достун былыктары былжырактары, эл көзүнчө бири-бирине кас болуп, көшөгө артында дос болгону баары ашкере болот. Иштеген ишинин далили катары, УКМК күн сайын бир иштин бетин ачып, бюджетке млндогон акчаларды кайтартып жатат. Эскилер, кармадык, камадык деп коюп, өздөрү жыргап жеп жаткан экен. Азыр кайсы тармакты караба, сөзсүз коррупциянын жыты чыгат. А түгүл жөнөкөй район, айыл башчылары 1 млндон жеген акчаларын төгүп жатат. Мурдагы төбөлдөрдүн, кудалардын, бажалардын канча байлыгы ачыкталды. Булардын баарын  мурдагы бийликтегилер кантип көрбөдү?

Дача-Су да өзгөчө катылган сыр көп. Ыйлаган жетимдер, кыйналган жесирлер бүгүнкү күнгө чейин акыйкат издеп келет. Аларды мурдагы бийлик чакырды да, бирден смартфон менен алдап ак үйдөн чыгарып койду. Себеби  бири-биринин  артын жапты  окшойт.  Азыр эми  элге “эскилердин”  жасаган  былыктарынын бети ачыла турган болду. Жаңы бийликтин мындай кетишинде , эски бийликтегилер СИЗОдон орун алчудай  болуп турат.

Темирбек. Баткен ш.