Жаңы үн

Матназаров Марлэн

1998-жылдын 12-январында Ош облусунун Кара-Суу районундатуулган Район аймагындагы №46 Садык Маматов атындагы орто мектептен билим алган. Алгачкы чыгармасын 2014-жылы 17-июлда Демократия лагеринде жазган. Жазган ыры “ЮСАИД Кыргыз Республикасы” баракчасына басылып чыккан. 2015-жылы “Таенеме”, “Жаз”, “Арак менен акыйкат” деген ырлары Кара-Суу районундагы “Билим нуру” гезитине чыккан.

2014–2016-жылдары Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилигинин демөөрчүлүгү астындагы Аксес программасынын бүтүрүүчүсү. 2016-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын Адвокатура жана юстиция факультетине окууга тапшырган.

2017-жылы окуудагы жетишкендиги үчүн Корея мамлекетинин стипендиясын алган. 2018-жылы ноябрь айында Самарканд шаарында түрк тилдүү мамлекеттердин жаш акындарынын арасында өткөрүлгөн “Самарканд поэзия кечеси” аттуу эл аралык фестивалдын катышуучусу.

2019-жылы “Кара-Суудагы койчумандан он эки баян” аталышта кыргыз-англис тилдериндеги жомоктор жана аңгемелер жыйнагы жарык көргөн. Аталган эки тилдеги китеп дүйнөлүк Амазон – интернет дүкөнүндө сатылууда жана АКШдагы Канзас мамлекеттик университетинин басмасында ошол жердин студенттери үчүн басылып чыккан.

Ошол эле жылы Казакстанда Нур-Султан шаарындагы ЕККУ (ОБСЕ) жана КАЗМЮУ тарабынан уюштурулган “Адам укуктары жана киберкоопсуздук” аталышындагы эл аралык жайкы мектепке Кыргызстандын атынан катышуучулардын бири болгон. Ошол жайкы мектептен кийин Марлэндин “Кара-Суудагы койчумандан он эки баян” китеби КАЗМЮнун китепкана фондуна киргизилген.

2019-жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасынын акыркы курстагы студенттерине окуудагы жана коомдук иштердеги эң мыкты көрсөткүчү үчүн берилчү Президенттик “Үмүт” стипендиясынын ээси болгон.

Учурда Борбордук Азиядагы Америка Университетинин “Юриспруденция” тармагында магистратурада билим алып жатат. ЮСАИДдин “Окуу керемет” долбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын кыргыз мектептериндеги 1-4–класстардын окуучуларына карата жомок, аңгемелерди жазуу долбооруна катышып, чыгармаларды жазуу менен алектенүүдө.

Долбоордун негизинде 4, өзүнүн жаңы чыккан “Бай бала” китеби менен 2, жалпысынан 6 адабий китептин автору.

Жаш калемгердин бир нече лирикалык ырлары өлкөбүздүн жана Өзбекстандын гезит, журналдарына басылып чыккан.

Айнагүл Базарбаева, акын, журналист.