Коом

Баткен облусунун аймагындагы авариялык абалдагы социалдык объекттердин абалы көзөмөлгө алынды

Буга чейин ММКда, социалдык тармактарда чагылдырылган Лейлек аймактык ооруканасынын Психонаркология бөлүмүнүн жана Булак-Башы орто мектебинин абалын, облус жетекчилиги көзөмөлүнө алды.
Аталган имаратты капиталдык ондоп түзөөдөн өткөрүү же кайра куруу боюнча, КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, КРнын Өкмөтүнүн капиталдык салымдар беренесине киргизүү, алдыдагы жылдарда курулуучу капиталдык курулуштардын титулдук тизмесине кошуу боюнча сунушун даярдоодо.
Ыйгарым укуктуу өкүлдүн тапшырмасына ылайык, бардык район-шаарлардын аймагындагы саламаттыкты сактоо, билим берүү жана башка бардык социалдык обьекттердин абалын тактоо, КРнын Өкмөтүнө сунуштоо жана кошумча каржы булактарын табуу иш чаралары жүрүүдө.
Бүгүнкү күндө республикалык бюджеттин эсебинен, облуста 12 социалдык обьекттин капиталдык курулушу, 4 объекттин капиталдык оңдоп түзөө жумуштары жүрүп жатат.
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button