Саясат
Пашинян Путиндин кызмат ордун чаташтырып алды
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян республиканын парламентинде сүйлөп жатып, Россиянын Президенти Владимир Путиндин кызматын чаташтырып, аны Франциянын Президенти деп жаңылыш атады.
Белгиленгендей, окуя саясатчынын Тоолуу Карабак боюнча 2020-жылы күзүндө түзүлгөн келишимдердин деталдары жөнүндө сүйлөгөн учурунда болгон.
«1-октябрда АКШнын Президенти Дональд Трамптын, Франциянын Президенти Эммануэль Макрондун жана Франциянын Президенти Владимир Путиндин билдирүүсүнө ылайык …»,- деген Пашинян.
Премьердин бул жаңылыштыгы социалдык тармактарга тез тарап,колдонуучулардын ирониялык реакциясын жаратып, кызуу талкууга алынууда.