Кылмыш-кырсык

Видео. ИИМ Кара-Сууда 30 жаштагы тургундун ок атуучу куралдан алган жаракатына түшүндүрмө берди

2021-жылдын 13-апрель күнү интернет мейкиндигиндеги айрым социалдык баракчаларда Кара-Суу районунун 30 жаштагы тургуну ок атуучу куралдан жарат алган окуянын жүрүшүнѳ саясий боёк берилип, коомчулукка такталбаган маалыматтарды таркатып  жаткан учурлар кездешүүдѳ. Ошондуктан  ал окуя боюнча расмий маалыматты билдиребиз:

2021-жылдын 09-январында болжол менен саат 12:13 чамасында Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагына караштуу Данги участкасында жайгашкан короодо, Шарк айыл аймагынын Маданият айылынын тургуну 30 жаштагы  «Т. уулу Б.» денесинен белгисиз ок атуучу куралдан жараат алып, Ош облусттук ооруканасына жеткирилген.

Бул жагдайда Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-бер. 2-бөл. 2-п. каралган кылмыштын курамы байкалгандыктан, 09.01.2021-жылы кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине  катталган.

Аталган өндүрүш иш боюнча окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, соттук-медициналык жана соттук-криминалистикалык экспертизалар дайындалып, окуяга күбө болгон жарандар суралган. Ошондо «Т. уулу Б.» окуя болгон күнү кийген куртасына, жемпирине жана майкасына дайындалган соттук-баллистикалык экспертизанын  корутундуусуна ылайык «Т. уулу Б.» окуя болгон күнү кийген куртасына, жемпирине жана майкасына келтирилген зыян 5,6 мм. мылтыктын огунун тийүүсүнөн келип чыккандыгы, ок атуу жакын аралыктан денеге такалган абалда (в упор) болгондугу жана ок TOЗ-8, TOЗ-16 үлгүсүндөгү сайлуу карабин же мылтыктан атылгандыгы көрсөтүлгөн.

Ал эми денесинен жараат алган «Т. уулу Б.» өзүнүн берген көрсөтмөсүндө 09.01.2021-жылы болжол менен саат 09:00 чамасында Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагына караштуу Даңги участкасына өзү жалгыз “Хонда-СРВ” үлгүсүндөгү унаасы менен короосуна жылкыларынан кабар алганы барганын, ал жерге барып  короонун астында адырларга көз чаптырып турган убакта ичине бир нерсе киргендей болуп кызып кеткенин, кандай добуш чыкканын эстей албай турганын, ошол убакта жерге отуруп 2-3 минута турганын, андан кийин дароо эле өзү айдап барган “Хонда-СРВ” үлгүсүндөгү унаасына чыгып өзү айдап жакынкы короодо коңшу болуп турган “А” аттуу жаранды көрүп аны ооруканага алып баруусун суранганда ал атуул аны Ош облусттук ооруканасына жеткиргенин билдирген.  Жогорудагы жагдайларда азыркы учурда аталган окуя боюнча  жабырлануучунун берген көрсөтмөсү менен экспертизанын жыйынтыгы карама-каршы болуп, жабырлануучунун көрсөтмөсү (жабырлануучу ок алыстан келип тийди –деп кѳрсѳтмѳ берген)   чындыкка дал келбей жаткандыктан,  окуянын чыныгы жагдайын  аныктоо боюнча комплекстүү ыкчам-тергөө иш чаралары жүргүзүлүүдө.

Ош ОИИБдин Басма сѳз кызматы

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button