26-апрелде Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев профессор Хайреттин Ивгин жана Түркиянын Токат провинциясынын мурдагы губернатору Айхан Насухбейоглу менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө Х.Ивгин «Манас» эпосунун негизинде жазылган китебинин кыргыз тилине которулуп, басылып чыгышы жөнүндө маалымат берди. Китептин түп нускасында түрк тилинде жазылган. Китеп азербайжан жана өзбек тилдерине да которулган, жакында казак, түркмөн жана орус тилдерине которулуп, басылып бүтүшү пландаштырылууда.

Автор белгилегендей, китептин кыргызча котормосу Түркиянын кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) жардамы менен басылып чыккан.

Өз кезегинде К.Өмүралиев «Манас» эпосун жана ошол эле учурда жалпы кыргыз маданиятын жайылтууга кошкон салымы үчүн авторго ыраазычылыгын билдирди.