Маданият

Жамийла повестинин жаңы экранизациясы тартылат

Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата, Кыргызстан жана Швецария тарабынан Жамийла повестинин жаңы экранизациясы тартылат.
Учурда даярдык иштери жүрүп жатат. Чыгарманы тасмага ылайыкташтырып жазган сценарист жана драматург Керез Зарлыкова.

Буга чейин Өзбекстан менен Кыргызстан тарабынан биргелешип тартылган «Делбирим» тасмасынын сценарийин адаптация кылган. Тасма Талас, Ысык-Көл жана Чүй облустарында тартылат.

Повесттин экранизациясына Эльдар Айтматов тарабынан уруксат берилди жана колдоого алынды. Делбирим тасмасынын со-режиссёру, Эльдар Турдумамбетов «Жамийла» повестин экранизациялоодо башкы режиссёрдун милдетин аткарат. Бул тууралуу маалыматты, тасманын продюсерлери Паризат Жакыпбекова (Кыргызстан) жана Кайрат Биримкулов (Швецария) билдирди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button