Саясат

Тажик жана кыргыз өкмөттөрү чек арадагы жаңжал боюнча биргелешкен билдирүүгө кол коюшту

30-апрелге ооган түнү эки өлкөнүн расмий өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп, анын жыйынтыгында тараптар биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Бул тууралуу  ММК булактарына Баткен облусунун жетекчиси Өмүрбек Суваналиев билдирди.

Эки тарап макулдашкан документке Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин башчысы Саймумин Ятимов менен кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Өмүрбек Суваналиев кол койду.

Документте тажик жана кыргыз өкмөттөрүнүн демилгеси менен чек аралаш аймактардагы куралдуу жаңжалды жөндөө максатында түзүлгөн комиссия кагылышты токтотуу, аскерлерди жана аскер техникасын мурда жайгашкан жерине алып кетүү, чыңалууну мындан ары курчутпоо үчүн чараларды көрүү жана биргелешкен жумушчу топ түзүү тууралуу макулдашканы белгиленген.

28-апрелде Кыргызстандын Тажикстан менен чектеш аймагында, Баткендин Ак-Сай айылындагы Ак-Суу дарыясында жайгашкан башкы (“Головной”) суу бөлүштүрүүчү жайдын тилкесинде кагылыш башталган.

Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери 29-апрелде кечки саат сегизде эки тарап тең ок атышууну токтотуп, чек арадагы аскер күчтөрүн мурдагы жайларына кайтарууну макулдашканы кабарланган.

Тажик тараптан 90дон ашуун жаракат алып, 10го жакын адам каза болгону  кабарланды.

Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 134 жараны жаракат алды, 13 адам кагылышуу учурунда каза болду.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button