Кылмыш-кырсык

Баткенде каза болгон 6-класста окуган кызды тажиктер миномет менен атышкан

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан бейкүнөө карапайым жарандар жабыркап жатат. Чек арага чектеш кыргыз айылдарына куралдуу кол салуудан 13 адам курман болду, анын ону карапайым тургундар. Алардын ичинде Интернационал айылындагы он гүлүнүн бири ачыла элек, алтынчы класстын окуучусу Мадина Рахматжанованын дагы өмүрү жалп өчтү.

Бейшембиде кечинде саат жети-сегиз чамасында тажик тараптагылар ок атып баштаганда, Максат, Кулунду, Интернационал айылындагы эл дүрбөп кача баштаган. Алардын арасында Мадина өзүнүн энеси жана төртүнчү класстагы сиңдиси менен кошо качып чыккан. Куралдуу кол салгандар айылдагы элди карай минометтон ок жаадырышкан. Ошондо Мадина менен анын энесине ок тийген.

«Аларды көрүп калган айылдаштары көтөрүп алып машинага салып, аймактык ооруканага алпарышкан. Бирок аймактык оорукана алардын абалы оор экен, райондук ооруканага алпаргыла деген. Бирок, тилекке каршы, алтынчы класстын окуучу кызы ооруканага жетпей каза болуп калды»,-деди Лейлек райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Улук.

Мадинанын энеси райондук ооруканага жетери менен операция болду, бирок абалы дагы эле оор экен. Ошондуктан аны Бишкектеги ооруканага алып кетишкени айтылууда.

Булак: Би-БИ-СИ

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button