2022-жылы Тынч океанында жаңы мамлекеттин пайда болушу пландаштырылууда. Анда 300 үй, бир нече мейманкана жана кеңселер болот. Акчанын ордуна, алар өздөрүнүн Vayron криптовалютасы менен төлөөнү пландап жатышат. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.

Бул адам тарабынан курулган биринчи калкып жүрүүчү мамлекет болуп калат.

Курулушту Питер Тиль (PayPalдин негиздөөчүсү) каржылайт. Долбоордун наркы 50 миллион АКШ долларын түзөт. Бул программа пилоттук болуп саналат жана Франциянын карамагындагы Полинезия өкмөтү менен өнөктөштүктө жүзөгө ашырылууда. Сууда жайгашкан аралда бардык жашоочулар геосаясий таасирлерден кутулат деп пландалууда. Бул саясый жана диний көйгөйлөр жок бейиштин чакан жеринин прототиби. Мындай аралдар келечекте Полинезиянын бардык жашоочуларына жардам берет .

Калкып жүрүүчү аралда суу ташкынын астында калуу коркунучу туулса, эвакуация жана көчүп кетүү үчүн мыкты альтернатива каралган.

Жаңы калкып жүрүүчү мамлекет, формасы боюнча ал балык кармоочу кайырмакка окшош. Бул түзүм Тынч океанынын флорасы жана фаунасы үчүн таптакыр коопсуз. Дизайнерлердин айтымында, курулушттун чатырлары жашылдандырылат.

Турак жай курууда табигый материалдар колдонулат: бамбук, кокос буласы, жыгач. Кайра иштетилген пластмассалар жана металлдар дагы катышат. Сууда сүзүүчү аралда балык өстүрүү чарбаларын, ооруканаларды, бизнес борборлорун, мектептерди жана энергетикалык борборлорду курууну пландаштырууда. Кимде-ким өзүнүн туулган мамлекетинин саясатына канааттанбаса, бул жерде жашай алат. Балким, мындай аймакта жашоону каалагандарга бир катар талаптар коюлат, бирок маалымат кылдаттык менен берилет жана жашыруун болот.