Коомдук ишмер, ийгиликтүү ишкер Урмат Барыктабасов Facebook социалдык тармактагы баракчасына ийгилик сырлары менен бөлүшкөн. Окурмандарга өзгөртүүсүз сунуштайбыз:

“Ассалам алейкум достор! Орозоңор кабыл болсун!

Мага көп балдар менен кыздар кайрылат, байке бизнести кантип баштайт деп. Мен силерге бир окуя айтып берейин.

1987-ж. СССР учур. Акча рубль колдончубуз. Горбачев ишкерлике руксаат берди. Мен күткөн учур келди.

Чоң аталарым уста болчу, мен да кичинекей чагыман устага жакын элем. Столярный цех ачтым. Сандык, прихожка жб жасап баштадык. Жыгач уста жагынан иш баштадым.

Төрт-Куль айылына цех ачып иш баштадым Рысбек деген бала менен. Ал кезде строй материал чоң дефицит болчу, ошондуктан Алматыга барып достордон алып келчү элек.

ДВП жана ДСП аябай дефицит болчу. ДВП өзунун баасы 7 рубль бир квадраты. Курулуш базаларда 70 рубльдан сатчу.

Он эсе кымбат болчу. Ошол баага да жок болуп калчу.

Жакшы иштеген үчүн Исанов Н. ал кезде облисполком болуп иштечу, Ваз 2108 машине сатып алганга токтом чыгарып берген.

Ал кезде машинен да дефицит болчу. Базарда 100 миң рубльга сатылчу.

Жаңы восьмерканы айтап алып Алматыга ДВП келдим.

Максат деген казак досум машинени көруп эле ачкычын бербей койду, сат мага деп столго 130 миң рубль таштап койду.

Мен бергим келбеди, акчаны эмне кылмак элем деп.

Максат эмне кылсаң да бербейм деп машинени айдап кетип калды.

Машинени сүйүп калды, түсү зор болчу модный вишня.

Туштон кийин келди.

Мен ойлонуп туруп минтип айттым – Макс, анда мага өз баасы менен 130 миң рубльга ДВП берсең макулмун дедим.

Макс ойлонбой туруп жүктөгүлө деп Валера деген кореец жардамчысына буйрук берди.

Мен Макс келгиче бүт санап чыккам, канча киреше түшөөрүн.

Ичимен кудундап атам, Макс айнып кетпесе экен деп.

Машинелерди жүктөөрү менен жолго түштүк.

Айылга түндө кирип келдик.

ДВП келди дегенди уккан эл жабылып очередке тизилди.

Кечкиге чейин бут ДВП сатылып кетти 100 рубльдан.

130 000#7=18570 квадрат метр келген

18570х100=1 857 000 рубль болду.

Ал кезде доллардын баасы 0.90 рубль болчу.

Ошондо менде 2 млн доллар бар болуп калды.

СССР учурунда миллионер болдум.

Тоң райондун тургундары бул айткан окуяны бүт билишет.

Үйдө акча толуп калды.

Бир күн акча санадык.

Акчаларды алып Бишкекке жөнөдүк.

Бишкекке Автовазга келип Дунларов деген директорго кирип 2109 мокрый асфальт түстөгү жигулини айдап чыктык Рысбек экөөбүз.

Ал кезде бул машине Ролс Ройс дой эле машине болчу.

Машинен эң мыктысы болчу.

Багажникте 1757 000 рубль калды.

Ал кезде доллар саткан Березка деген дүкөн бар эле, ал жерге барып рубльду долларга алмаштырдым, Гуля деген дүкөнчү аркылуу.

Машинеге японский магнитофон, итальянский сигнал ж.б. толтура нерселерди алдык.

Бул көп акча башка толтура жакшы иштерге кереги тийди.

Мына ушундай достор.

Акчалуу болуш учун Гарвард же Кембриджти окуп деле кажет жок, сөзсүз жаңы технология деле зарыл эмес, бирок сезим күчтүү болуш керек.

Ал кезде сотка, интернет ж.б. азыркыдай мүмкүнчүлүктөр жок болчу.

Азыр мээң иштесе миллиард мүмкүнчүлүк бар маңыздуу жана маанилуу жашоо курганга.

Ийгиликке кантип жетем дегендерге жакын арада сабак өткөрөм.

Сырларын да айтып берем.

Ар бир адамда өзгөчө талант бар.

Адам өзүнө өзү ишенсе, кыялы сөзсүз орундалат.

Китепти көп окугула, Абсолютту жасагыла.

Ийгилик оңой эле жаралат, мээ туура иштесе.

Бөлүшүп койгула достор.

Ишкерлик менен алектенем дегендерге мотивация бергим келди” – деп жазган Урмат Барыктабасов.