Шаарга келгени оңтойлуу жумуш таппай жүдөй туштүм. Чынында шаар жеринде бир тууганыңдын үйүндө жүрүү деле оңой эмес экен.  Айла жокто бир дүкөнгө сатуучу болуп иштеп баштадым. Ал дүкөндүн кожоюну жаш келин. Экөөбүз алгачкы күндөн таанышкандан ынак болуп кеттик. Мага ишенип, дүкөндүн бүт эле мага өткөрүп берип койду. Эки жылдан бери экөөбүз эже-сиңдидей болуп калдык. Ал кызга аябай суктанам, жаш туруп айдаган унаасын көрсөң, дүкөн ачты мунун баарына кантип жетишти деп. Мага эч арманы жоктой туюла турган.  Бирок, акыркы күндөрү эмнегедир капа болуп жүргөндөй. Мурдагыдай үйүнө шашпайт. Кээде “эже, эс алып туруңуз, мага сүйлөп бериңиз” деп  өзү соода кылат. Бүгүн да маанайы жок келди.

Кирип-чыккандар көп болуп сүйлөшө албадык. Акырында “эже, бир эс алалы” деп, эшикти жаап койду. Дүкөндү кыдыра басып, торт анан кола алып келди да, “келиңиз эже, торт  жейбиз”, деп калды. Мен таң калып “ушу сенин бүгүн туулган күнүң эмеспи”, деп күлүп койдум.

— Жоок эже, кайдаан, менин туулган күнүм күзүндө. Болгону сиз менен отуруп торт жегим келди. Балдарды бакчага, мектепке жеткирдим. Үйгө барсам баягы эле бүтпөгөн үй жумушу, кайыната, кайынэнеме чай берем, идиш жууп үй жыйнайм, — деп үшкүрүп алды.

— Кандай бактылуусуң, жаш туруп баарына жетишесиң, кымбат унааң, үй-жайың баары бар. Мен качан жетишкен турмушка жетем, — дедим.

— Эже сиз мага салыштырмалуу кыйла бактылуу адам экениңизди сезбейсиз да. Мен сыртыман бактылуу көрүнгөн менен ичимде кандай күн кечирип жатканымды билбейсиз, — деп көзүнө жаш алды.

Коркуп кеттим чынында.

— Кокуй сага эмне болду. Кой антпе, сеникиндей жашоого жетпей жүргөндөр канча, — дедим.

— Эже чынында, мен сиздин жаныңызда гана чыныгы адамдык пейилди, жөнөкөйлүктү сезем. Туура мен байдын келинимин, бирок жан дүйнөм жарды. 10-кластты бүтүп эле өзүмдөн он жаш улуу  адамга турмушка чыкттым. Анда да апам, “булар жакшы турат, кор болбойсуң” деп жатып өз колу менен узаткан. Ал жагынан сөз жок, кымбат унаа алып беришти, биринчи уулумду төрөгөндө жолдошум банктан счет ачып олчойгон акча которуп берди. Экинчи уулумда да ошол көрүнүш болду. Кайненем кайда барса машинанын астына отуруп айдатып алат. Кыялымда мени аябай жакшы көрөт дайыма жанында алып жүрөт деп ойлочумун көрсө кеп башкада экен.

Жолдошумдун бир туугандары менен бизнеси бар. Тапкандары жакшы, чет жакка командировкага көп кетишет. Жумуш менен кетет деп ойлочумун. Чынында кээде жумуш менен кетсе, кээде ошол өлкөдөгү ойношуна барышат экен. Мунун баарын кечээ, жакында үчүнчү уулум төрөлгөндө билдим. Мага күйөөм жасалма мамиле кылат тура. Ойлоп көрсөм, дүкөн, унаа, кийим мунун баары мен ага бала төрөп бергеним үчүн экен. Курбу кыздарым жолдоштору менен мамилесин айтышат, көрсө сүйүү деген, назик мамиле деген такыр башка экен. Мен жаш болуп, кайынэнем, баласынын арыгын тазалап, таңга жуук келсе жумушу көп, сени багам деп жүрөт да деген сөздөр менен алдачу экен. Үч уулду төрөп, бир аз эсиме келип, башкалар менен салыштырып көрдүм жашоомду. Меники “коммерческий” сүйүү экен. Баары-баары акча менен бааланып, кокус неге кеч келдиң, кайда жүрөсүң, мага да көңүл бөл деген сөздөрүмдүн баарын жообу бар экен. Дүкөн ачып бердим, машина сатып бердим, алтын алып бердим деген.

Айылда чогуу окуган жакшы дос балам бар, ал юридикалык компанияны жетектейт. Мындан бир ай мурун ошого кайрылып, күйөөмдүн артынан киши койдум.  Ишенесизби эже, мен сүйүп, бирок мени сүйбөгөн күйөөмдүн, орус, уйгур, өзбек, азер ойноштору бар экен. Алар менен Турция, Дубайга барып эс алып жүрүптүр. Ошолордон мага колу бошобойт тура. А апасы болсо мага шек алдырбай уулунун кылыгын билип, мени алдап жанынан чыгарбайт тура, кайда барса ээрчитип. Кечээ жолдошума ошолордун баарын айтсам, “үч баланы ташта, кете бер, бирок кандай келген болсоң, ошондой кетесиң”, деп койду. Бул дегени, эч нерсе сага бербейм дегени да, — деп ыйлап жиберди.

Анын сөзүн угуп отуруп, ушунчалык жолдошун жек көрүп кеттим. Кээде дүкөнгө келгенде жакшы көрүнчү, өтө сылык киши болуп.

— Эмне дээримди да билбейм. Ортодо үч балаң бар, жашооң жакшы, өзүң эстүү кызсың капа болбо. Ал өмүр бою ушинтип жүрөт дейсиңби, картаят баягы сага эле калат, — деген болдум.

— Эже, картайганда мага улуу бала болуп калганын эмне кереги бар. Карылыгын ойлосо, байлыгына чиренбей жакшы мамиле жасаганды үйрөнбөйбү. Баары болгон менен көңүл бөлүп, жылуу мамиле жасабаган адам менен жашоо кыйын экен. Сыртта баары жакшы, башкалардын көзүнчө идеалдуу үй-бүлөбүз, чынында андай эмес. Жаш болуп кыйла алданган экенмин. Эми апамды кантип күнөөлөйм. Чынында жаш келин болуп келгенде, жолдошум жаштыгыма кызыккан экен. Жөн эле алдап сүйчү экен. А мен аны жан  дилимден жактырчу элем. Эми кылыктарын билген соң иттей көңүлүм калды. Кээде, “каадаланып мени менен жатпайм деп коркутпа, сенден жаш кыздар бар, өздөрү чакырат керек болсо”, деп ачык эле айтат. Аялдык  кылып таарынып, былтыңдаган биздин үйдө суу кечпейт, мен жөн гана бала төрөп берген фабиркамын. Ичимде эмне болуп жатат, эмнени каалайм аларды кызыктырбайт. Бир ирет кайынэнеме четин чыгарып айтсам, кайра мени урушуп койду, “эмне жетпейт сага, башкага тийсең жүрмөксүң жүдөп, базарчылап”, дейт.

Ушундай эже мен кээде ошол базарда иштеген эжелерге суктанам. Баары жөнөкөй, үйүндө жолдошу жылуу мамиле жасайт, балдары менен бапырап чай ичишип, жолдошу койнунда бактылуу жашоо кечиришет. Менин жашоом күтүү, качан келет, ким менен жүрөт деген суроолор менен таң атат, — дейт.

Жашооң кургур,  теңчилик болбойт тура. Бирөөлөр бирим эки болсун, үй-жай түптөйүн дешсе, айрымдар бар жашоодон баар таппай жүрөт. Чынында баары бар туруп, бир жылуу сөз укпай, жылуу мамиле жетишпей жашаган жашоодо байлыгың деле бир тыйын болуп калат өңдүү.