Коом

«Кумтөрдүн» жетекчилиги Кыргызстандан чыгып кеттиби?

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын вице-президенттери, орто звенодогу менеджерлер, ошондой эле жөнөкөй кызматкерлер — чет элдик жумушчулар Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу Кыргызстандын Тоо-металлургия профсоюзунун төрагасы Элдар Тажибаев билдирди.

Анын айтымында, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын президенти Деон Баденхорст дагы учурда чет өлкөдө жүрөт.

Ал эми «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын профсоюз комитетинин төрагасы Калысбек Рыспаевдин айтымында, мындай чара чет элдик жетекчилердин жана адистердин коопсуздугун камсыздоо максатында көрүлгөн болушу мүмкүн. Себеби буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары «Кумтөр Голд Компани» ЖАКты сырттан башкарууга мүмкүнчүлүк берген мыйзам кабыл алышкан. Ошондой эле «Кумтөр Голд Компани» ЖАК сот тарабынан экологияга зыян келтиргени үчүн мамлекеттин пайдасына 3 млрд доллардан ашык акча төлөөгө милдеттендирилген.

«Кумтөр Голд Компани» «Tazabek» басылмасына чет элдик адистер Кыргызстандан чыгып кетти деген так маалымат эмес экенин билдирди.

«Начарлап бара жаткан эпидемиологиялык абалга байланыштуу чет элдик кызматкерлер Бишкек шаарындагы лабораториялардан тест тапшыруу үчүн кен казылган жерден түшүштү. Алар Кыргызстандан кетишкен жок. Тесттин жыйынтыгы чыкканда ар бир чет элдик кызматкер өзү мекенине кайтып же кайтпоо тууралуу чечим чыгарат», — деп билдиришти компаниядан.

Ал эми «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын президенти Деон Баденхорст буга чейин пландалган иш сапар менен чет өлкөгө кеткен. Анын Кыргызстанга качан кайтып келери азырынча белгисиз.

Булак: Акипресс

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button