Коом

Канадалык инвесторлор 25 жыл бою кыргызстандыктарды кантип тоноп келишкен?

Кумтөр ишинин аудити боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров 2021-жылдын 17-майында ал жетектеген топ Centerra Gold компаниясына пайдалуу кендерди казууга концессия берүү жөнүндө макулдашууну жокко чыгарууга жатат деген жыйынтыкка келди, анын себеби “коррупция, коопсуздук техникасын жана курчап турган чөйрөнү коргоо эрежелерин бузгандыгында” деди.

Мамлекеттик комиссия Кумтөрдө жүргүзүлгөн иштерге карата 1992, 2003, 2009, 2017-жылдарда кол коюлган макулдашуулар Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына жооп бербейт, Кыргызстандын мамлекеттик суверенитетин бузууга багытталган жана ошол учурдагы кыргыз чиновниктеринин коррупциялык мотивдеринин негизинде кабыл алынган”, — деди Акылбек Жапаров.

— 2009-жылдагы иликтөөлөр боюнча да Кыргызстан менен Канадалык компаниянын ортосундагы Башкы макулдашууда башынан эле республика үчүн пайдасыз шарттар коюлган – анда металлды эмес, дивиденддерди бөлүштүрүү экендиги белгиленген, б.а. өндүрүлгөн алтын эмес, алтынды реализациядан түшкөн пайда гана бөлүнөт. Аталган шарттын пайдасыздыгы кирешени аныктоо татаалдыгында, анткени пайдаланылып жаткан наменклатуранын миң бирдиги шартындагы өндүрүш үчүн делген чыгашаларды өнөктөш реалдуу контролго алышы мүмкүн эмес (баасы, саны, наменклатуранын өзү, сатып алуу). Ошентип, бажы кызматынын маалыматы боюнча, 2002-жылдан 2011-жылга чейинки мезгил үчүн “Кумтөр Оперейтинг Компани” (КОК) негизги өндүрүштүк ишине кирбеген жалпы суммасы 1 млн АКШ долларына барабар товарды пошлина менен алып кирген, алар чыгашаларга кошулуп, мындан улам кыргыз тараптын кирешеси азайып кеткен.

Аталган жалпы керектөө товарлары негизинен Канададан алынып келинген. Мындай рационалдуу эмес чыгашалар республиканын бюджетине түшүүчү дивиденддерди алууда таасирин тийгизген. Ошондой эле, рационалдуу эмес чыгашаларга Катерпиллер (Caterpillar) фирмасынын атайын техниканы: карьердик самосвалдарды, бургулоочу жана өткөөлдүк машиларды жана орнотмолорду, ачакей дөңгөлөктүү автопогрузчиктерди, грейдерлерди, бульдозерлерди ж.б. сатып алууга короткон чыгашаларын кошууга болот. Аталган техникалар, ошондой эле алардын запастык бөлүктөрү дагы негизинен Канададан алынып келинген, ошол эле учурда аларды Европа же КМШ өлкөлөрүндөгү дилерлерден сатып алууга мүмкүн болчу.

Муну менен чоң товардык коштомолордон (авиатранспорттук) качууга болмок. Ушул фактылар жеткирүүгө катышкан ортомчу же биригишкен фирмалардын бар экенин күбөлөндүрө алат. Кирешени бөлүштүрүүдө коррупциялык схемалардын бири болуп биригишкен жактарга мыйзамсыз төлөм түрүндө канада тараптын алып турган көмүскө кирешелери саналат. Ошентип, мисалы, “Центерра Голд Инк.” ишканасынын ар жылкы отчету боюнча, Л. Хоменюк деген жарандын жубайы, “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын жетекчиси — Марине Стивенс деген жаранга төмөнкү өлчөмдөгү гонорар төлөнүп берилген: 2001-жылы – 138 миң АКШ доллары, 2002-жылы – 331 миң АКШ доллары, 2003-жылы – 508,0 миң АКШ доллары жана 2004-жылы – 200 миң пландалган, ал эми андан кийинки жылдарга маалыматтын жоктугун эске алганда, 2008-жылы анын бошотулушуна чейин жалпы жолунан 1 млн ашык АКШ доллары төлөнгөн.

2013-2014-жылдары AMEC Earth & Environmental (UK) Ltd. компаниясы да Кыргызстандагы “Кумтөр Голд Компани” алтын казуу долбооруна инженердик жана экологиялык аудит жүргүзгөн (2012-жылдагы депутаттык атайын иликтөөнүн алкагында), аны иштетүүчү болуп “Кумтөр Оперэйтинг Компани” компаниясы саналат. Аудиттин негизинде бир катар сунуштар иштелип чыккан. Бош тоотектерин иштетүүгө жараксыз катмарды турукташтырууга шарттар жана долбоор жөнүндө макулдашууга ылайык 5 миллион доллар бөлүнүш керек. Суу ресурстарын башкаруу жаатында аларды аммиактан жана сульфаттан тазалоо үчүн, ошондой эле суу-саз жерлерди калыбына келтирүү үчүн 1-2 миллион доллар каралган. Эгер суу-саз жерлерин тазалоо жана калыбына келтирүү боюнча минималдык талаптар аткарылбаса, анда суу тазалоочу станцияны жакшыртууга жылына кошумча 5-10 миллион доллар бөлүүнү кароо керек. Кумтөр дарыясынын катмарына мониторинг жүргүзүү керек. Петров көлүнүн мүмкүн болуучу жарып чыгуусунан суу каптоо тобокелдигин эрте болтурбоо тутуму орнотулушу керек. Мөңгүлөрдүн абалына мониторинг жүргүзүү боюнча кенен отчет берип туруу. Био ар түрдүүлүктүн абалы жөнүндө мониторинг жана отчеттуулук системасын оптималдаштыруу керек. Эл аралык практикага ылайык кыртышты коргоону камсыз кылуу, ошондой эле кыртышты рационалдуу пайдаланууну жакшыртуу. Калдык сактоочу жайлардын суусунун жээгидеги токсиндин көмүлгөн жерлерин жана тиричилик калдыктарын көмүү концепциясы көзөмөлдөөчү органдар тарабынан берилиши жана бекитилиши керек.

КР Улуттук илимдер академиясынын Жер казынасын өздөштүрүүнүн геомеханикасы институтунун төрагасы Исабек Торгоев билдиргендей, Кумтөр кенинин ишинен улам оор металлдар менен Кумтөр суусунун астыңкы катмары булганууда.

“Кумтөр кенинин аймагындагы мөңгүлөрдүн абалы боюнча Centerra Gold Inc. мындай пикирде: мөңгүлөргө байланышкан көйгөй бир гана күндүн жылышы менен байланыштуу деп, техногенттик жагын тоготпой келет. Мен абдан күчтүү техногендик басым бар экенин белгилегим келет. Келечекте ушул мөңгү-таштын иштетүүгө жараксыз катмарынын абалы менен байланышкан көйгөйлөр келип чыгат деген божомол бар”, — дейт эксперт.

— Кумтөр чоң көлөмдөгү электр энергиясын пайдалануу менен, анын бир киловаттына 2,24 сомдон төлөп келет. Бул кыргыз бюджетинин дотациясынын эсебинен ишкананы абдан кирешелүү кылат (энергосектордун өздүк баасынан төмөн социалдык тарифтин эсебинен), анткени коңшу Казакстанда же Өзбекстанда ишканалар электр энергиясын 3 сомдон арзан баада ала алышпайт, ал эми Россия же Австралияда киловатт үчүн 8-12 сомдон төлөшөт.

— Центерра мөңгүлөрлөн чоң сандагы муздарды алып чыккандыгы аз келгенсип, мөңгүлөргө кооптуу заттарды чогултуп койгон. Эл аралык соттордо утуп чыгуу үчүн биздин жакшы мүмкүнчүлүгүбүз бар. Кумтөр мындай туура эмес иштерди жасап, өлкөнүн экологиясына зыян келтирбеш керкетигинин мисалы болуш керек.

— Кенди эксплуатациялоо мезгилинде 1996-жылдан тартып Кумтөрдө техникалык каталардан улам 19 киши каза болгон. Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссия 47 киши майып болуп калды деп билдирет.

17-майдагы Жогорку Кеңештин отурумунда депутаттарга кенди иштеткен жайдан архивдик кадрлардын ролиги көрсөтүлдү.

— 2002-жылдын 8-июлунда карьердин чети эки жолу ураган учурда жергиликтүү кызматкер Алмаз Жакишов каза болгон. Анын денеси казылып алынган эмес – урандылардын астында калган.

— 2012-жылы – кен казылган жердин жанындагы Ара-Бел суусунда суу ичкени келген малды массалык камап алуу жүргөн.

— 2013-жылдын 3-майында – Давыдов мөңгүсүндөгү кендин иштетүүгө жараксыз катмары суткасына 5 метр ылдамдык менен жылган. Өндүрүштүк имараттар, турак жай корпустары, трансформатордук подстанциялар, жогорку вольттуу электр өткөргүч линиялары талкаланган.

— 2019-жылдын 1-декабрында Кумтөр кенинин Лысый суусунун өрөөнүнүн участогунда бош породанын кендин иштетүүгө жараксыз катмарынын көчкүсү жүрүп, бир нече унааны басып калган. Тоо бөлүмүнүн мастери Өмүрбек Ишенбеков, бульдозердин машинисти Жолдош Жунушев көз жумган.

“Ишкана иштеп жаткан учурдан баштап эң трагедиялуу 1998-жыл болгон – “Кумтөр Оперейтинг Компани” ишканасынын жүк ташуучу унаасы кырсыкка учураган. Анын натыйжасында 1740 кг цианид Барскоон дарыясына түшүп кеткен. Доочу ушул окуядан кийин сууну хлор менен майсыздандаруу жүргүзүлгөнүн айтып келет. Жергиликтүү тургундар хлорго ууланышкан. Алардын маалыматы боюнча, 2000 киши жапа чегип, 2 киши көз жумган. 17 миң киши медициналык жардам алган. Сот иштери ушул күнгө чейин уланып келет”.

— “Кумтөр голд компани” Кыргызстандын саясий процесстерине аралашкан жайы бар. Мисалы, 2011-жылдын 30-июнунда күзүндө өтө турган президенттик шайлоо жарыяланган. Ошол мезгилде компания 10 млн доллар өлчөмүндө демөөрчүлүк жардам каражатын берген. Сентябрда ал каражат “РСК Банкка” турак жай-жарандык курулуш департаментинин алыш-бериш эсебине которулган жана казыналыктык системасынан тышкары пайдаланылган. Ушул каражаттардын эсебинен курула турган объектилердин тизмесин шайлоо алдындагы үгүттөө иштери мезгилинде жана 2011-жылдын сентябрь-октябрь айларында өтө турган Кыргызстандын президентин шайлоого чейин премьер-министр Алмазбек Атамбаев тарабынан бекитилген.

— Кен казуу жайынын курулушунун башталышы эле Кыргызстандын улуттук мыйзамдарын бузуу менен жүргөн. Кен казуу жайынын ишинин баштапкы стадиясында КОКтун жетекчилиги Давыдов мөңгүсүндө кендин иштетүүгө жараксыз катмарын жайгаштыра баштаган. Муну менен Коопсуздуктун бирдиктүү эрежелеринин № 79 талабы жана “Суу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы бузулган. Карьерлерден кендин иштетүүгө жараксыз катмарына 1 млрд тоннадан жогору тоо породасы, ошондой эле 77 млн м3 мөңгү массасы жайгаштырылган, бул 60 млрд литр таза мөңгү суусуна барабар.

Кендин иштетүүгө жараксыз катмарларында бош породалардын жана калдык сактаган жайлардагы цианиддүү калдыктардын көлөмү өсө берет, ушул таштандылар түбөлүк Нарын дарыясынын башында кала берет. Ал туруктуу мониторинг жүргүзүүнү жана техникалык тейлөөнү талап кылат, жада калса рудник жабылгандан кийин деле, ал эми рудник болжол менен 2026-жылы жабылганы турат.

— Кыргызстандын Ысык-Көл облусундагы Кумтөр алтын кени чыккан жердеги эң ири жана кирешелүү актив болуп саналган Компания Centerra Gold Inc. компаниясынын чоң аферасы — бул 2016-жылдан бери биринчи жолу өзүнүн акционерлерине дивиденддерди төлөп бергени жаткандыгында. “Кыргызалтын” ААКнын маалыматы боюнча, 77,4 млн акциянын ээси катары Кыргызстан 8,2 млн доллардан 2,2 млн алышы керек. Бир катар аналитиктер Centerra Gold Inc. компаниясынын эң ири акционери болуп туруп Кыргыз Республикасы өзүнүн дивиденддерин албаганы аз келгенсип, бул жолу ага эң аз сумма бөлүнгөнүнө нараазы болгон.

Компания жылына Кумтөрдөн 17-18 тонна алтын казып аларын эске алганда, жыл сайын алардын таза кирешеси дээрлик 750-800 млн долларды түзөт. Бирок, бизге дивиденд катары 2 млн доллардан бир аз көбүрөөгүн гана бөлүп келишет.

Эгемендүү Кыргызстандын тарыхында эң чоң дивиденд – 30 млн доллардан ашык каражатты түзгөн – өлкө компаниянын эң ири акционери катары 2011-жылы Centerra Gold Inc. ишканасынан алган. Андан кийин 2012-жылы бул сумма 5,8 млн долларды түзгөн, 2013-жылы – 11,09 млн доллар, 2014-жылы – 11,1 млн доллар жана 2015-жылы – 7 млн даллар. Ал эми 2016-жылдан тартып компаниянын эң ири акционери болгон Кыргызстанга дивиденддерди төлөө жүргүзүлгөн эмес.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button