Коом

Армения менен Азербайжандын чек арасында атышуу болду, курмандыктар бар

Армениянын чек ара бөлүгүндө, кечээ, 25-майда азербайжан армиясынын катышуусунда ок атышуу болду, деп билдирди Армениянын Коргоо министрлиги.

«25-майда саат 14: 20да Гегаркуник аймагындагы Верин Шоржа конушунун чек ара бөлүгүндө ок атуучу куралды колдонуу боюнча окуя катталган. Тактап айтканда, каршылаш тарап армян күзөтчүлөрү тарапка ок чыгарды », — деп айтылат билдирүүдө.

Атышуунун натыйжасында «келишимдик негизде кызмат өтөгөн, сержант Хуршудян» өлтүрүлгөнү белгиленди.

12-13-май күндөрү Азербайжан армиясынын бөлүктөрү Сюник жана Гегаркуник аймактарында Армениянын аймагына киришкен. Армения буга байланыштуу ЖККУга кайрылган.

Буга чейин Тоолуу Карабактагы тынчтыкты сактоо миссиясы жана Армения-Азербайжан чек арасындагы кырдаалды Армениянын убактылуу Коргоо министринин  милдетин аткаруучу Вагаршак Арутюнян жана Карабахтагы Россиянын тынчтык контингентинин командачысы Рустам Мурадов талкуулашкан.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button