Коом

Кайыңдыда дайынсыз жоголгон 15 жаштагы Диана Гурова изделүүдө

Чүй облусунун Панфилов райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан дайынсыз жоголгон 15 жаштагы Диана Гурова изделүүдө.

Облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, Диана Гурова 13-июнда Кайыңды шаарындагы үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болууда. Анын туугандары Гурова Ысык-Көлгө иштегени кетиши мүмкүндүгүн айтышууда.

Белгилери: бою 169 см, толук, чачы кыска жана кара түстө, каректери жашыл өңдө.

Кийими: футболка жана шымы кара түстө, бутунда кара-кызгылт спорттук бут кийим.

“Кимде-ким Диана Гурованын жүргөн жерин билген болсо 0(312) 60-79-89, 0(702) 31-75-22 жана “102” кызматына кайрылууңуздарды суранабыз”, — деп айтылат маалыматта.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button