Кылмыш-кырсык

Ошто 17 жаштагы кыз турникке асынып каза болду

Ош шаарында 17 жаштагы кыз асынып каза болду. Бул билдирүүнү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, окуя 20-июндан 21-июнга караган түнү саат 3:00дөр чамасында катталган. «2004-жылы туулган кыздын сөөгү Оштогу окуу жайлардын биринде жайгашкан спорттук аянтчадагы турникте асынып турган абалда табылды. Окуя Ош шаардык ички иштер башкармалыгында катталып, тергөө иштери жүрүп жатат. Ата-энеси кызынын сөөгүн соттук-медициналык экспертизага берүүдөн баш тартышты», — деп билдирет маалымат кызматы.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button