Саясат

Жапаров бизнес-коомчулук менен жолугушуунун жыйынтыгында берилген тапшырмалардын аткарылышын камсыз кылуу боюнча тескемеге кол койду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 23-июнунда бизнес-коомчулук менен жолугушуунун жыйынтыгында Мамлекет башчысы тарабынан берилген тапшырмалардын аткарылышын камсыз кылуу максатында тескемеге кол койду. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Тескемеге ылайык, өлкөнүн министрликтеринин жана ведомстволорунун башчыларына, министрлер кабинетинин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына ишкерлер менен жолугушууда президент тарабынан берилген тапшырмалардын аткарылышын камсыз кылуу тапшырылат.

Кыргыз Республикасынын президентинин тапшырмаларын аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн жогоруда аталган жетекчилер тартиптик жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.

Президент Садыр Жапаровдун 2021-жылдын 23-июнунда бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен жолугушуусунун жыйынтыгында берген тапшырмаларын төмөнкү тиркемеде сунуштайбыз.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button