Саясат

Президенттин уулу Рустам Жапаров да коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

Бүгүн өлкөнүн Президенти эмдөөдөн өттү. Ал үчүн өлкө башчысы Садыр Жапаров Бишкектеги соода борборлорунун биринде эмдөөчү пунктту тандап алган.

Атасы менен биргеликте уулу Рустам коронавирустан коргонууну чечкен. Ал көчмө эмдөө станциясына Садыр Жапаров менен кошо келген.

Фото пресс-службы президента

Белгилүү болгондой, президенттин бүт үй-бүлөсү буга чейин COVID-19 менен ооруп келген. Алардын бардыгы Кытайдын Синофарм вакцинасы менен эмдөөдөн өткөн.

Биринчи айым Айгүл Жапарова вакцинаны күйөөсү жана уулунан мурун алган, деп билдирди мамлекет башчынын басма сөз кызматы.

Фото пресс-службы президента

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button