Кылмыш-кырсык

Лейлек районунда сел жүрүп, үйлөрдү суу каптады. Сүрөт

Баткен облусунун Лейлек районунда сел жүрүп, 35 үйдү суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Кечээ, 3-август саат 17:40 чамасында ак жаан төгүп, аягы селге айланган. Жаандын кесепетинен Ак-Терек айылындагы 11 үйдү суу басып, 8 үйдүн короосун сел каптаган. Ошондой эле Ак-Суу айылындагы 2, Катраң айылынын Таңгиоозу аймагындагы 4, Калтарык аймагындагы 4 үйдүн короосуна суу кирген. Жалпысынан 21 үйдүн ичин жана короосун, 14 үйдүн чарбагын (тамарка) суу баскан.

Мындан сырткары Ош-Баткен-Исфана жолунун айрым тилкесин, Катраң-Өзгөрүш жолун сел жууп кеткен.

Учурда ӨКМдин Лейлек райондук бөлүмү тазалоо иштери жүргүзүп, жергиликтүү комиссия табият кырсыгы тарттырган чыгымдарды тактап жатат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button