Коом

Лейлекте калкты тейлөө борбору ачылды. Сүрөт

Лейлек районунун борбору Исфана шаарында калкты тейлөө борбору ачылды. Мындай маалыматты калкты тейлөө борборунун башчысы Таалайбек Полотов билдирди.

Аталган шаарда буга чейин жарандык актыларды каттоо бөлүмү (ЗАГС) өзүнчө башка имаратта жайгашып, район тургундарына документ иштерин бүтүрүүдө бир топ ыңгайсыздык жаралып келген.

«Инфоком» ишканасынын демилгеси менен ачылган  калкты тейлөө борборунда  баардык кызматтар  бир имараттын ичинде жайгашкан.

Жарандар керектүү документтердин (паспорт,күбөлүк) бардык түрүн бир жерден бүткөрө алат. Күнүнө 350 жаранга кызмат көрсөтүлөт.

Борбордо 16 кызматкер эмгектенет. Жалпы аянты 278 кв метрди түзөт.

 

 

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button