Саясат

Султанбаев: «Президенттин эл аралык насыялар тууралуу айткандарын айрымдар туура эмес түшүнүп алышкан»

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун куттуктоо сөзүндө эл аралык кредиттер боюнча айткандарына тактоо киргизип, айрымдар туура эмес талкуулап жатканын билдирди.

«Президент Садыр Жапаровдун бүгүнкү куттуктоо сөзүндөгү: «Экономикалык кыйынчылыктарга туш болгондо биз абалды турукташтыра алдык. Эгерде өткөн жылы Кыргызстан бюджетти жабуу үчүн 350 миллион АКШ долларын карызга алган болсо, быйыл биз бир тыйын да алган жокпуз, карызсыз абалды жакшыртуунун жолун таптык «, — деген сөзүн  айрым жарандар туура эмес чечмелешкен. Бул быйыл мамлекеттик бюджетти колдоо үчүн бир да тыйын тышкы карыз алынган жок дегенди билдирет. Бул айрым жарандар айткан инфраструктуралык долбоорлорго тиешелүү эмес «, — деп баса белгиледи Эрбол Султанбаев.

 

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button