Коом
Саламаттык сактоо министрлиги 167,7 млн сомго тез жардам унаасын сатып алат
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тез медициналык жардам унаасын сатып алууга тендер жарыялады.
Мамллекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына караганда, пландалып жаткан сумма 167 млн 700 мин сом.
Техникалык спецификацияда В классындагы (4х2) 43 тез жардам унаасын сатып алуу пландаштырылган.