Саясат
Шайлоого 21 партия ат салышат.Тизме
Парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген 21 партия калды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат кызматы кабарлады.
Кечээ, 18-сентябрда, саат 18:00дө партиянын тизмесиндеги талапкерлердин бардык документин БШКга тапшыруу мөөнөтү аяктады.
Буга чейин каттоодо турган 23 саясий уюмдун 20сы документин толугу менен, “Жашасын Кыргызстан” партиясы жарым-жартылай тапшырган. Ал эми “Ак Асаба” кечигип калганы үчүн документи кабыл алынган эмес. “Кыргызстандын прогрессивдүү жаштары” партиясы шайлоого катышуудан баш тарткан.
Натыйжада төмөнкү 21 партия жарышка аттанууда:
- “Улуттар Биримдиги”;
- “Ишеним”;
- “Альянс”;
- “Кыргызстан жашылдар партиясы”;
- “Бирдиктүү Кыргызстан”;
- “Ата Мекен”;
- “Ыйман Нуру”;
- “Эл үмүтү”;
- “Азаттык”;
- Ынтымак”;
- “Күчтүү регион”;
- “Бүтүн Кыргызстан”;
- “Аруузат – Эл Куту”;
- “Ата-Журт Кыргызстан”;
- “Мекенчил Эл”;
- “Ордо”;
- “Багыт”;
- “Жашасын Кыргызстан”;
- “Улуу Журт”;
- “Легалайз”;
- “Социал-демократтар”.