Коом
Караколдо 31 миллион сомго китепкана курулат
Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти Каракол шаарына китепкана курууга тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган сумма 31 миллион 18 миң 102 сом, тендердик табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү 26-ноябрга чейин.
Курулушту аяктоонун мөөнөтү 2022-жылдын 1-августуна чейин деп жазылат.