Коом

Бишкектин айрым жерлеринде беш күнгө газ менен жылуулук берүү токтотулат

Бишкектин айрым жерлеринде беш күн катары менен газ болбойт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, борбор калаанын Осмонкул менен Древесной көчөлөрүнүн кесилишиндеги түтүктөрдөгү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жаратылыш газын берүү убактылуу токтотулат.

Мындан улам “Бишкекжылуулукэнерго” ишканасы да ысык суу жана жылуулук берүүнү 15-19-ноябрда токтотот.

№21 мектеп-интернатынын от казандары жана “Красный строитель” конушунда жылуулук өчүрүлөт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button