Кылмыш-кырсык

Өзбекстанда ооруканада жарылуудан кыргызстандын жараны каза болду

Өзбекстанда медициналык мекемеде жарылуу болуп, 1966-жылы туулган Кыргызстандын жараны каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Андижан облусунун Шахрихан районундагы «Зитерия» жеке менчик медициналык-диагностикалык борборунда 11-февралда газ жарылганы айтылган. Маркумдун сөөгү Кыргызстанга жеткирилди.

Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, жардыруу фактысы боюнча Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин 257-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин «Озодлик» радиосу жардыруу жеке клиникада болуп, кеминде бир адам — ​​56 жаштагы бейтап каза болгонун билдирген. Каза болгон жарандын жарандыгы айтылган эмес. Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын маалыматы боюнча, жарылуудан каза болгондордун саны 11ге жетти.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button