Коом

Айбек Маткеримов: Украинадагы кыргызстандыктар элчилик менен байланыша албай жатат

Украинадагы кыргызстандыктар өлкөдөн чыгып кетүүгө камынууда. Бул тууралуу депутат Айбек Маткеримов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал Тышкы иштер министрлигине мекендештерге жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды.

“Мен министрлер кабинетинен биздин жарандардын бул көйгөйүнө көңүл бурушун суранам, жарандарыбыз чалып жатат, кетебиз деп жатышат. Жардам сурап кайрылган кыргызстандыктар элчилик менен байланыша албай да жатат”, — деди эл өкүлү.

Эске салсак, Украинадагы кырдаал Орусиянын президенти Владимир Путин  кайрылуусунда Донбасста атайын аскердик операция өткөрүү чечимине келгенин жарыялагандан кийин кескин курчуп кеткен.

Украинада аскердик абал режими киргизилди.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button