Коом

Бишкектеги «Ала-Тоо» аянты бир жумага жабылды

Бүгүндөн тартып «Ала-Тоо» аянтынын автоунаа жүргөн бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу бир жумага жабылды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, борбордук бөлүктүн Чүй проспектисинин Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү жабык болот.

Милициянын кайгуул кызматы ыңгайсыздык үчүн кечирип сурап, айдоочуларды маршрутунун алдын ала пландап алууга чакырат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button