Коом

Москвадагы кыргызстандыктар укугун коргоо үчүн каякка кайрылса болот? Номерлер

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Москвада эмгектенип жүргөн кыргызстандыктар өз укуктарын коргоо үчүн каякка кайрылса болорун эскертти.
Эмгек акыларын бербей коюу, жумуш боюнча талаштар, чыгарып салуу, депортациялоо, миграциялык каттоо жана медициналык кароодон өтүүдө көйгөй жаралса +7 (495) 197-76-71 (кошулуу номери 205) номери аркылуу байланышып жардам сурай алышат.
Ал эми жүк-200дү мекенине алып кетүүгө бир жолку берилчү акча, кыргыз диаспоралары жана улуттук-маданий бирикмелер, жумушка орноштуруу маселелери боюнча бул номерге +7 (495) 197-76-71 (кошулуу номери 204) кайрылса болот.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгү Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин 700 метр аралыкта жайгашкан. Дареги: Москва, Малая Полянка көчөсү, №7 үй, 5-катарда. Электрондук почтасы: [email protected].

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button