Коом

Бишкек мэриясы өтө ылдам жүрүүчү автобустарды жүргүзүүнү сунуштоодо

Бишкек мэриясы ыш, автотыгын жана коомдук транспорт көйгөйүн чечүү жолдорун сунуштады. https://t.me/sputnik_kyrgyzstan_kg/12130
Анын бири — өтө ылдам жүрүүчү автобустарды жүргүзүү.
Муниципалитеттин маалыматы боюнча, ал төмөнкүдөй иштейт:

коомдук транспорт үчүн өзүнчө тилке бөлүнөт;

50 кишилик автобус 1-2 жүргүнчүсү бар 15 автоунаага караганда 8-10 эсе аз орун ээлейт;

алгач Токомбаев — Жукеев-Пудовкин — Ибраимов — Москва жана Киев көчөлөрү менен жүрө баштайт. Узундугу — 17,5 чакырым, 50 аялдамага токтойт;

кийин Токомбаев — Чортеков — Гагарин — Садырбаев — Жаш Гвардия — түндүк айланма жолу — «Дордой» базары боюнча каттам ачылат. Узундугу — 29 чакырым, 80 аялдама;

жүргүнчүлөр түз эмес, турникет аркылуу акы төлөп киришет.

Бирок долбоор качан ишке ашары азырынча белгисиз. Мэрия инвесторлорду күтүп жатат.
Муниципалитет, мындан тышкары, борбор калааны өнүктүрүүгө багытталган төмөнкү долбоорлорду дагы сунуштаган:

Айтматов — А.Масалиев проспектилерин көрктөндүрүү;

таштандыларды кайра иштетүүчү заводду куруу;

«Ала-Арча жана Аламүдүн сууларынын жана алардын Бишкек аркылуу өткөн аймактардагы жээктерин жакшыртуу»;

Кара жыгач токой паркын жашылдандыруу;

«Көп деңгээлдүү автоунаа токтотуучу жай».

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button