КоомМаданият

Кыл кыякчы Залина Касымова Кочкордун ардактуу атуулу наамын алды

Белгилүү музыкант, кыл кыякчы Залина Касымова бүгүн Кочкор районунун ардактуу атуулу наамын алды. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык баракчасында билдирди.

«Кочкордун ардактуу атуулу деген наамды Кочкордун акими Омошев Эрмекбай Аляновичтин колунан алдым. Кочкордун жетекчилерине, элиме, мени жана чыгармачылыгымды колдогон бардык күйөрмандарыма ыраазымын», — деп айтылат бул билдирүүдө.

Залина Касымова көп жылдардан бери Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониянын солисти болуп эмгектенет. Ал Мураталы Күрөңкө уулунун «Ат кетти», «Кер-Өзөн» жана башка ондогон элдик күүлөрдү чеберчилик менен аткарып келет.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button