Саясат

Садыр Жапаров айыл чарба министрине жеңилдетилген насыяларды берүүнүн көзөмөлүн күчөтүүнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековго жеңилдетилген насыяларды берүү боюнча көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Ошондой эле, президент насыялар дыйкандарга жана айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөргө дайындуу жетиши, ошол эле учурда акча каражаттарын башка максаттарга берүү сыяктуу коррупциялык көрүнүштөргө жол берилбеши керектигин айтты.

Андан сырткары, мамлекет башчысы жазгы талаа иштерин өз убагында өткөрүү жана мал чарбасын мындан ары өнүктүрүү үчүн республиканын айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө мамлекеттик колдоо көрсөтүү зарылдыгын белгилеп, буга байланыштуу дыйкандарды жана өндүрүүчүлөрдү жеткиликтүү даректүү насыялар менен өз убагында камсыз кылуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button