Коом

Талас облусунда Айкөл Манастын айкели орнотулду

Талас облусунун борбордук аянтына Айкөл Манастын айкели орнотулду. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
Жалпы наркы 8,7 млн сомду түзгөн айкелди жеке ишкер белек кылган.
Айкелдин ачылышы бүгүн Нооруз майрамынын алкагында өтүп, ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов катышты.
Майрамдык салтанатта Улуттук «Манас» театрынын атайын концерттик программасы тартууланды.
Иш-чара улуттук тамак аштардын көргөзмөсү менен уланып, Талас шаардык маданият бөлүмүнүн концерттик программасы менен коштолду.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button