Коом

Бишкекте ысык суу качан өчүрүлөрү айтылды

Бишкекте ысык суу 22-майдан 22-июнга чейин өчүрүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Мэр Эмилбек Абдыкадыров тиешелүү буйрукка кол койгон.

Мындай өчүрүүлөр профилактикалык иштерди жүргүзүп, жылытуу мезгилине даярдык көрүү максатында жыл сайын болуп келет.

Шаар бийлиги келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, жүргүзүлүп жаткан иштерге түшүнүү менен мамиле кылууну өтүндү.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button