Газа тилкесине 2023-жылдын 8-октябрында Израиль тараптан башталган кол салуулардан каза болгондордун саны 68 миң 875, жаралуулардын саны 170 миң 679га жетти. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, мындан сырткары Газа тилкесинде миңдеген каза болгон адамдардын сөөгү дагы эле урандылардын астында калууда.
Акыркы 24 сааттын ичинде урандылардан эки кишинин сөөгү чыгарылып, бир киши жаңы кол салууларда каза болуп, эки жаракат алагн адам Газа тилкесиндеги ооруканаларга жеткирилди.

