Жыйынтыгы жокко чыккан №13 шайлоо округунан кайрадан шайлоо өткөрүү 1-мартка белгиленди. Үгүт иштери шайлоого 20 күн калганда баштала турганын БШКдан маалымдашты.
Ага ылайык, Республикалык бюджеттен 18 миллион 507 миң сом бөлүнөт. Сметага шайлоону уюштуруу жана маалыматтык камсыздоо, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн жана ишке тартылган жарандардын эмгек акысы, тамак-ашка берилүүчү суткалык төлөмдөр киргизилген. Борборлоштурулган сатып алуулар, участокторду техникалык жактан жабдуу, маалыматтык материалдарды даярдоо, окутуу иш-чаралары жана командировкалык чыгымдар да каралган.
30-декабрь күнү шайлоого катышууга алгачкы талапкер арыз берди. Ал Арстанбеков Акылбек Советбекович, 1965-жылы туулган, «Кыргызстан» Топтолмо пенсиялык фонду кеңештин төрагасы. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда туулган, буга чейин да ушул райондон шайлоого катышкан.

