Коом

Эки күндө тогуз жаш бала коронавирус жуктурган

Бул тууралуу бүгүн, 18-апрелдеги брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, коронавирус жуктуруп алган жаш балдардын саны — 50. Алардын ичинде 1 жашка чейинки 3 наристе бар.

Оору жуктуруп алган бейтаптарды жаш курагы боюнча бөлүп караганда:

  • 1 жашка чейинкилер — 3;
  • 1-15 жаштагылар — 47;
  • 16-19 жаш -14;
  • 20-34 жаш — 126;
  • 36-55 жаш — 191;
  • 50 жаштан жогоркулар — 125.

Коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын жалпы саны 506га жетти.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button