Кылмыш-кырсык

Ажылыкка бараткан 35 зыяратчы жол кырсыгынан каза болду

Сауд Аравиясында кичи хаджга (умрага) бараткан 35 зыяратчы жол кырсыгынан каза болду. Бул маалыматты жергиликтүү полиция таянып Arab News агенттиги жазды.

Басылманын маалыматына караганда, кырсык Мекка жана Медина автожолунда болгон. Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн келген зыяратчылар бараткан жүк ташуучу унаа менен сүзүшкөн.

Кырсыктан улам күйүп кеткен автобустун ичинде жалпы 40 адам болгон. Жабыркагандар ооруканага жеткирилген.

Булак: Репортер кж

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button