Коом

Кемин: абадан дезинфекциялоо иштери уюштурулду

Кемин районунда абадан дезинфекциялоо иштери уюштурулду. 

Дрон жана мотодельтоплан менен карантиндеги Самансур, Кызыл-Октябрь, Кызыл-Суу жана Подгорный айылдарына абадан «Фармайод» дарысы чачылды. Бул препарат, абамдарга, өсүмдүктөргө, жаныбарларга зыянын тийгизбейт жана 40 күнгө чейин чачылган аймакка вирус, бактерия жолотпойт.
Дизинфекция толугу менен «Бай-Дыйкан» ишканасынын жетекчиси Эрлис Акунбековдун колдоосу менен ишке ашты.
Кемин райондук мамлекеттик администрациясы Эрлис Акунбековго ыраазычылык билдирип, кол сунабыз деген эр азаматтар менен кызматташууга даярдыгын белгилейт.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button