Коом

Эрдоган: «Саясат эле эмес, аң-сезимдер дагы кайрадан курулуу процессине кирет»

Түркиянын президенти Режеп  Таййип Эрдоган, жаңы типтеги коронавирус (Covid-19) пандемиясынан кийин аң-сезимдердин дагы кайрадан курулуу процессине кире турганын айтты. Бул тууралуу түрк басылмалары жазышууда.

Маалыматка караганда, адилеттик жана өнүгүү партиясынын борбордук башкаруу кеңеши, президент жана АК Партиянын башкы жетекчиси Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилигинде чогулган.

Белгилей кетек, жыйналыш, Covid-19 пандемиясына каршы көрүлгөн чаралардын алкагында видео конференция форматында өттөн.

Эрдоган Covid-19 чара көрүүлөрүнө токтолуп: «Пандемия менен күрөшүүбүздү ийгиликтүү улантуудабыз. Жаңы жуктуруп алгандардын саны, каза болгондордун саны, реанимациядагы жана дем алуу аппаратына байлангандардын саны жагынан оң багытта илгерилеп баратабыз.

Дүйнөдө бул илдеттин тамыры жулунмайынча тынымсыз даяр турууну улантышыбыз шарт болуп саналат.

Пандемиядан кийин бир гана глобалдык саясат жана экономикалык карым-катнаштар эмес, аң-сезимдер дагы кайрадан курулуу процессине кирет», — деген ал өз сөзүндө.

Булак: NazarNews.org

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button