Коом

Депутат Абылгазиевге: «Сиз, тарыхта эң көп иштеген өкмөт башчы катары калдыңыз»

Бүгүн, 13-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Абдыбахап Нурбаев Абылгазиевде бюджетти аткара албай жатандыгын айтып өттү.

«Өкмөттүн негизги милдети — бюджет жана бюджетти аткаруу. Сиз, мына тарыхта эң көп иштеген өкмөт башчы катары калдыңыз. Бирок, бюджетти аткарбаган премер министр катары да калып жатасыз. Өзүңүздүн бюджетке карата жеке жоопкерчилигиңиз кандай?», — деди Нурбаев.

Ал эми ага өкмөт башчы: «Бюджеттин аткарылбай жаткандыгынын жүйөөлүү себептери бар», — деп жооп берди.

Учурда депутаттардын суроолоруна өкмөт мүчөлөрү жооп берүүдө.

Булак: NazarNews.org

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button