Саясат

Президент С.Жээнбеков ЖЕЭКтин видео жыйынына катышат

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) видеоконференция форматындагы жыйынына катышат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызмат билдирди.

Видео аркылуу жыйын бүгүн, 19-майда, өтмөкчү.

“Жыйында Евразия интеграциясын тереңдетүүнүн актуалдуу маселелери, аны жакынкы жылдарда өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары, ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин макроэкономикалык саясатынын негизги багыттары жана башка маселелер каралат”, — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, ЖЕЭКке Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков, Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Россиянын президенти Владимир Путин жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян мүчө.

ЖЕЭК жыйынына ошондой эле байкоочу өлкө башчысы катары Молдованын президенти Игорь Додон катышат.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button